Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 14/05/2020
  • Просмотров: 1350

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 «Кыргыз Республикасында чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна

 

 

 

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген “Биримдик, ишеним, жаратмандык» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына (мындан ары - Кызмат) Кызмат тарабынан калкка берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырууну камсыздоо каралган 101.7-пунктун аткаруу максатында иштелип чыкты.

Чек ара режими орнотулган чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат берүүнү (мындан ары – уруксат) тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу, автоматташтыруу долбоордун максаты жана милдети болуп саналат. 

Чек арага жакын аймакка кирүүгө уруксат берүүнү тариздөө бөлүгүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүүнүн актуалдуулугу заманбап тенденциялар менен шартталган.

Бүгүнкү күндө уруксат алууга документтерди кабыл алуу процесси кагаз түрүндө гана жүргүзүлөт. Практика көрсөткөндөй, бул арыз ээлеринин транспортко финансы каражаттарын коротуусуна, кезек күтүүлөрүнө алып келет, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине улуттук коопсуздук маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнүч катты макулдашууга кол менен жеткирүүгө туура келет.

Жаңы системаны ишке киргизүү арыз ээлеринин документтерди берүү процессин автоматташтырууга, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук формада берилген документтерди кароосуна, ошондой эле  улуттук коопсуздук маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ыкчам макулдашууга мүмкүндүк берет.

АМСти киргизүү менен арыз ээлери уруксат алуу үчүн үйүнөн чыкпай туруп,  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы аркылуу документтерди тапшыра алышат. Мындай учурда өтүнүч кат электрондук түрдө толтурулат жана сканерленген зарыл документтер менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы аркылуу тапшырылат.

Партнеры