Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 29/05/2020
  • Просмотров: 1135
КР жарандарынын биометрикалык жалпы жарандык паспортторунун бланктарын даярдоо жана жеткирип берүүгө КР Өкмөтүнө караштуу МКК менен  Mühlbauer ID Serv

КР жарандарынын биометрикалык жалпы жарандык паспортторунун бланктарын даярдоо жана жеткирип берүүгө КР Өкмөтүнө караштуу МКК менен  Mühlbauer ID Services компаниясынын ортосундагы контрактка кол коюлду

2020-жылдын 29-майында КР жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторунун бланктарын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен  Mühlbauer ID Services (Германия) компаниясынын ортосундагы контрактка кол коюу болуп өттү. COVID-19 менен байланышкан учурдагы ары-бери жүрүүгө болгон чектөөлөрдөн улам контрактка видеоконференция аркылуу кол коюлду.

Mühlbauer ID Services компаниясы жаңы муундун биометрикалык паспортторун даярдоого жана жеткирип берүүгө 2020-жылдын 26-февралында жарыяланган конкурстук тооруктун жеңүүчүсү ушул жылдын 27-апрелиндеги ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын чечими менен аныкталган.

Кол коюу аземинде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А. Мамбеталиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда биометрикалык паспортторду киргизүү алдыга таштаган чоң кадам экендигин жана Кыргыз Республикасына паспортторго коюлган дүйнөлүк талаптарга толугу менен ылайык келерине мүмкүндүк бере тургандыгын белгиледи. Ушул жагынан Mühlbauer ID Services компаниясына бул ишке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

2020-2023-жылдарындагы үч жылдык контракт мөөнөтүнүн ичинде Mühlbauer ID Services  1,5 млн.ашык көлөмдө документтердин бланктарын жеткирип берүүнү камсыз кылат. Алар андан ары МКК алдындагы Мамлекеттик персонификациялоо борборунда иштеп жаткан жабдуулар аркылуу жекелештирилет. Контрактка ылайык жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун бланктарын даярдоо жана жеткирип берүү каралган.

Биометрикалык маалыматтарды (ePassport) колдонуу менен жаңы муундун улуттук паспортторун киргизүү трансчегаралык кылмыштуулукту табууга жана токтотууга, коопсуздукту камсыз кылууга, жарандардын өтүү документтерин бурмалоо менен күрөшүүгө багытталган КР Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен жаңы муундун улуттук паспортторун киргизүү боюнча иштердин комплекси Кыргызстанда 2017-жылдан тартып башталган, жана биринчи этап катары 2017-жылдын 1-майынан тартып эл аралык стандарттагы eID-карттары (чиби менен ички ID-паспорттору деп аталуучу) ийгиликтүү киргизилген.

Бүгүнкү контракттын кол коюлушу биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен мамлекеттик маанидеги документтерди киргизүүнүн экинчи этабы болуп саналат жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук чет өлкөлүк паспортторун киргизүүнү карайт. Алардын колдонуудагылардан негизги айырмасы болуп паспортто паспорт ээсинин жеке маалыматтары менен  поликарбонаттык бетинин болушу саналат (санариптик фотосүрөт жана манжалардын тактары).

Ошондой эле, мындан тышкары иш сапарларына жана саякаттарга тез-тез чыгып турган жарандардын ыңгайлуулугу үчүн визалык беттердин санын 50гө чейин көбөйтүү каралган, калган учурларда 34 бет болот.

Жаңы биометрикалык чет өлкөлүк паспорттор чек ара контролдоо пункттарында автоматтык тездетилген түрдө аныктыкты текшерүүнү жана ким экендигин аныктоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Партнеры