Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 17/06/2020
  • Просмотров: 1037

Кыргызстанда юридикалык адистешүү менен сурдокотормочулардын маалыматтар базасы жаңыланды. Аны курстун 14 бүтүрүүчүсү толуктады.

Юридикалык адистешүү менен сурдокотормочулардын курстары “ZOOM” онлайн программасы аркылуу 2020-жылдын 11-майынан тартып 8-июнуна чейин өткөрүлдү. Азыркы учурда маалыматтар базасында бардыгы болуп 59 сурдокотормочу бар, анын ичинен 42си – Бишкек шаарында, 14ү – Ош шаарында, экөө – Талас шаарында жана бир котормочу Нарын шаарында.

Бул маалыматтар базасынын жардамы менен угуусу начар адамдар, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тергөө аракеттеринде, бүтүмдөрдү түзүүдө, сот жыйындарында, нотариалдык жана адвокаттык контораларда сурдокоторуу кызматтарын көрсөтүүчү адисти таба алышат. 

Курстар угуусу начар адамдардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле 2016-жылы түзүлгөн юридикалык адистешүү менен сурдокотормочулардын маалыматтар базасын жаңылоо максатында өткөрүлүүдө.   

Сурдокотормочулардын маалыматтар базасы  БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун демилгеси боюнча түзүлгөн жана жаңыланууда.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү (сот процесстеринде коштоо) алууда түздөн-түз жардам бере турган сертификатталган сурдокотормочуларынын тизмеси

Карап чыгуу үчүн файлдар:

Юридикалык багыттагы сурдокотормочуларынын тизмеси

Партнеры