Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 03/07/2020
  • Просмотров: 1449
Кээ бир Унаа ММдин бөлүмдөрү 2020-жылдын 6-июлунан тартып 19-июлуна чейин карантинге жабылат.

Акыркы күндөрдө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаалдын чукул начарлашына байланыштуу, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин арасында короновирустук инфекцияны жуктурган учурлардын көп болуусун эске алуу менен,                      COVID 19дун массалык жайылышын болтурбоо максатында “Унаа” ММдин Бишкек шаардык бөлүмү жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 2020-жылдын 6-июлунан тартып 19-июлуна чейин карантинге жабылат. Мындан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Региондор аралык секторунун (“Риом” авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, бул сектор ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт.

Ошондой эле, 6-июлдан тартып “Унаа” ММдин Борбордук аппараты аралыктан иштөө режимине өтөт. Ушул эле учурда, аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоо жана контролдоо үчүн “Унаа” ММдин Борбордук аппаратында чектелген сандагы кызматкерлерден нөөмөт белгиленет.

“Унаа” ММдин иши боюнча маалымат жана ар кандай консультацияларды алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылса болот: 0312633174 жана 0312633931.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан ушул аргасыз болгон иш-чарага түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт, калктын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо эң маанилүү артыкчылык болуп саналат.

Эл көп чогулган жерлерге барууну чектөөгө жана зарылдык болбосо “Унаа” ММдин аймактык бөлүмдөрүнө барууну азайтууга чакырабыз.

Партнеры