Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 23/07/2020
  • Просмотров: 955


Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2020-жылдын 22-июлунда Мамлекеттик каттоо Кызматы Кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен  транспорт каражатына карата катталган доолордун укуктары жөнүндө маалымат алмашуу боюнча маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.
Пилоттук долбоор 2021-жылдын 1-мартына чейин жүргүзүлөт.

Келишимдин алкагында, мындан ары, Унаа каражаттарын каттоо / кайра каттоо кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери бир эле учурда кыймылдуу мүлккө талаптардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган транспорт каражатына күрөө жөнүндө маалыматтын бар же жок экендигин текшерүүнү жүргүзөт.
Автоунаага катталган талаптарга укуктар жөнүндө маалыматтар "суроо-жооп" форматында онлайн режиминде, Кызмат тарабынан башкарылуучу "Автоунаалардын реестри" автоматташтырылган тутумуна жөнөтүлөт.
Кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укугунун бирдиктүү мамлекеттик реестри Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерин аткарууга (келишим боюнча) коюлган талаптардын катталган укуктарынын бирдиктүү электрондук базасы.

Партнеры