Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 21/08/2020
  • Просмотров: 230

2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (ЖК КР) шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында, ошондой эле ведомстволук бөлүнүштөрдүн коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал режиминдеги ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Кызматтын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов жана калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова жумушчу сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болушту.

Иш сапарынын жүрүшүндө Батырканов аймактык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү менен жолугушту, жолугушууда калкты каттоо жана документтештирүү ишин жакшыртуу боюнча талкуулоолор болду. Жолугушуунун жүрүшүндө биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча чараларды күчтөндүрүү жана биометрикалык маалыматтарды чогултуудагы пункттардагы кезектердин келип чыгышын жокко чыгаруу тапшырмасы берилди, шайлоого даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерге өзгөчө көңүл буруу талабы коюлду.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы калкты тейлөө борборунун имаратынын ремонту менен таанышты. Учурдан пайдаланып, Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына КТБнун имаратынын Каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын балансына берилиши боюнча чечими, КТБрунун айланасын жашылдандыруу жана  Сузак районунун жашоочуларынын ыңгайлуулугу үчүн көпүрөнүн курулушу үчүн ыраазычылык билдирет. КТБнын имаратын реконструкциялоо «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан каржыланат, аткарылган иш аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү калк үчүн шарттарды түзүү боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. КТБун ачуу 2020-жылдын сентябрь айынын аягына пландаштырылган.

Партнеры