Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 15/10/2020
  • Просмотров: 1299
Улуттук үлгүдөгү ID-карта паспортуна "улуту" графасы киргизилет

Улуттук үлгүдөгү ID-карта паспортуна "улуту" графасы киргизилет
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы учурда улуттук паспортко (ID-карталар) - "жарандыгы" деген графаны киргизүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.
Өзгөртүүлөр 2017-жылдын ID карталарынын негизинде жүргүзүлөт жана бюджетти кошумча чыгымдарга алып келбейт. Техникалык жактан Кызмат бул жаңычылыкка даяр, ал үчүн жаңы жабдууларды жана жаңы формаларды сатып алуу талап кылынбайт.
"Улуту" графасын киргизүү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлиги аркылуу башка мамлекеттер менен документти легалдаштырууну эске алганда болжолдуу түрдө 90 күнгө созулат.

Азыркы учурда, калктын документтерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды шайкештикке келтирүү боюнча иштер башталды.
Белгилей кетсек, ID-картада "улуту" деген графа жарандын өз каалоосу боюнча гана көрсөтүлөт.
2017-жылдын 1-майынан баштап Кыргызстандын жарандарына паспорттун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, электрондук чип орнотулган, тексттик, машинада окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматтары бар Кыргыз Республикасынын жаранынын (ID-карта) үлгүсүндөгү идентификациялык карталары берилип баштаган.
Идентификациялык картада төмөнкү маалыматтар камтылган:
- текст түрүндө: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган датасы, документтин номери, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү, жеке идентификациялык номер, документ берген орган жана анын коду, ээсинин колу, ээсинин жүзүнүн сүрөтү санарип форматта, жеке идентификациялык номердин штрих коддору жана документтин номери;
- машинада окула турган формада: машинада окула турган зона;
- электрондук чипте: биометрикалык маалыматтар, улуту, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, ГОСТ стандарттарына ылайык криптографиялык алгоритмдердин негизинде жүзөгө ашырылган электрондук цифралык кол тамгалар жөнүндө маалыматтар камтылган.

Биз социалдык тармактарда:

 Facebook

  Youtube

 Twitter

 Instagram 

 

Партнеры