2020-жылдын 20-октябрынан баштап мамлекеттик чек арадан өтүү
2020-жылдын 20-октябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жашы 16 жашка толо элек жарандары эки мамлекеттин ортосундагы чек арасынан Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жалпы жарандык паспорттору менен гана өтө алышат.
Жашы жете элек өспүрүмдөрдү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгуу коркунучун жоюу максатында, 2019-жылдын 1-июлунан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктө баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган туулгандыгы тууралуу күбөлүккө берилүүчү тиркемени берүү үчүн документтерди кабыл алууну токтоткон.
Буга байланыштуу, жарандарга 16 жашка чейинки балдардын өлкө аймагынан тышкары жакка чыгуусу үчүн аларга жалпы жарандык паспорт (эл аралык паспорт) алуусу керектигин эскертебиз.
Биз социалдык тармактарда: