Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 11/12/2020
  • Просмотров: 964
Орусиянын почтасы жана Кыргыз почтасы «PosTransfer» акча алмашуу менен которуулар жаңы кызматын ишке киргизди.

Кыргыз почтасы Орусия почтасы менен биргеликте Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы акча которууларынын «PosTransfer» жаңы кызматын ишке киргизди. Ал бир көз ирмемде почталык акча которууларга мүмкүнчүлүк түзүп, акча каражаты жөнөтүлөөрү менен алуучуга дароо жеткиликтүү болот.

Почталык акча которууну кызматка кошулган бардык почта түйүндөрүнөн алууга болот. Орусияда бул кызмат 30 миңден ашык почта бөлүмдөрүнөн жеткиликтүү болсо, Кыргызстанда 400дөн ашык почта түйүнүндө көрсөтүлөт. Акча которууларынын лимити 300 миң рублду түзөт.

«Орусияда жөнөтүү жана берүү валютасы - орус рублдери, Кыргызстанда - кыргыз сому. Кызмат көрсөтүү үчүн комиссия 1,2% түзөт, ал жөнөтүүчүдөн алынат. Эң маанилүлүгү  Орусияда, которулган акча каражатын алуучу ыүйүнө буйрук берип, үйүнөн алса болот»- деп Орусия Почтасынын кызматтары жана каржы технологиялар боюнча кеңешчиси Алена Бочарова билдирди.

Кыргыз Почтасынын өкүлдөрү «PosTransfer» системасы Кыргыз Республикасынын мигранттарына банк сектору жок алыскы аймактарда жашаган туугандарына акча каражатын которуулары үчүн мүмкүндүк жаратаарын белгилешет.

Ошондой эле Армениянын почта операторолору да «PosTransfer» аркылуу акча каражаттарын которо алышат. Келечекте кызматтын географиясы кеңейтилип, система аркылуу башка өлкөлөр да акча которуулар мүмкүн болот.

Жалпысынан 2019-жылы Орусиянын почтасы аркылуу эл аралык акча которуулардын бардык көлөмү 16,2 млрд рублди түзгөн.

Маалымат үчүн:

PosTransfer – электрондук акча которуулар бирдиктүү системасы эл аралык өкмөттөр аралык уюм. Ал дүйнөнүн 193 өлкөсүн бириктирген Бүткүл Дүйнөлүк почта союзунун (ВПС) колдоосу астында түзүлүп, БУУнун адистештирилген мекемелери уюм статусуна ээ,  2016-жылдан тартып жана колдонулат.

 

Партнеры