МККнын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси 2021-жылы тарифтик торчону жаңыртат.
Жыл сайын 1-январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси баштапкы каттоо жана кайра каттоо үчүн унааларды баалоо боюнча тарифтик торчо жаңыртып турат. Тарифтер торчосунун таблицасына 2021-жыл кошулуп, мурунку жылдар жылат, анткени алардын баасы арзандайт.
Эрежелерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген унааны баштапкы каттоодон өткөрүү үчүн төлөм анын орточо базар баасынын 5%, кайра каттоодон өткөрүү 0,3% түзөт.
Белгилей кетсек, 2018-жылы транспорттук каражатты кайра каттоонун акысынын көлөмү базардын орточо наркынын 1% дан 0,3% га чейин төмөндөгөн.
МККнын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте "Автотранспорт каражаттарынын реестри" автоматташтырылган маалымат тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизишет.
МКК унаа ээлерин транспорттук каражаттарды сатып алууда жана сатууда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө келишимди каттоого чакырат. Сатып алуу жана сатууну каттоо транспорт каражатын ишеним кат менен башкарууга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.
Биз социалдык тармактарда: