Опубликовано 12/01/2021
Шухрат менен Элнуранын сүйүү баяны.
Бакыт өргөөсүнүн кызматкерлери жаш жубайлардын никесин үйүнө барып каттоодон өткөрүштү. Шухрат менен Элнура чогуу өмүр сүрүүгө, мамилелерин нике менен бекемдөө жөнүндө чечим кабыл алышкан.
Шухрат менен Элнура I топтогу майыптар. Бирок ага карабастан, алар чечкиндүү жана биргелешкен чечим кабыл алышып келечекти бирге пландаштырышты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери салтанаттуу түрдө никени каттап, нике жөнүндө күбөлүгүн тапшырды. Жаш жубайлар дайыма бири бирин колдоого ант беришип, нике шакектерин тагынышты.
Биз социалдык тармактарда: