Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 02/02/2021
  • Просмотров: 1610
"АЮ Грандкомфорт" соода борборунун имаратында электр калканда өрт чыкты

МКК маалымдайт, "АЮ Грандкомфорт" соода борборунун имаратында электр калканда өрт чыгып, натыйжада имаратта электр жарыгы өчүп калган. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүү кызматы барган. Өрт өчүрүлгөн.

Калкты тейлөө борборунун жана АвтоКТБнун ичиндеги бардык жарандар жана кызматкерлер эвакуацияланды. Жабыркагандар жок.

Мүлк, архивдер жана сакталган документтер жабырдабады.

Учурда "АЮ Грандкомфорт" соода борборунда жайгашкан АвтоКТБ жана КТБ-2, 119 колл-борборунун ишмердүүлүгү көйгөйдү чечүүгө чейин убактылуу токтотулуп турат.

Эскерте кетсек, жарандар башка калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот:

1. КТБ-1, 12 мкр., Нуркамал Жетикашкаева көч., 29 (ДК имараты);

2. КТБ-3, Жаш Гвардия бул., 4 (Боконбаев көч. м-н кесилиши);

3. КТБ-4, Ауэзова көч., 1/5 («Два  прораба» имараты);

4. КТБ, Садырбаева көч., 107 (Ахунбаев көч. м-н кесилиши);

5. КТБ, Т. Молдо көч., 21 (Фрунзе көч. м-н кесилиши).

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

 

Партнеры