Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 04/02/2021
  • Просмотров: 1787
Беш жылдын ичинде 146 157 жаран аты-жөнүн өзгөрттү

Беш жылдын ичинде 146 157 жаран аты-жөнүн өзгөрттү

Мамлекеттик каттоо кызматы 2016-жылы 37206 аты-жөнүн өзгөртүүнү каттады.
2017-жылы 33 миң 430 жаран аты-жөнүн өзгөртүүнү чечишкен.
2018-жылы 28 246 учур катталган.
2019-жылы - 28 153.
2020-жылы 19122 жаран аты-жөнүн өзгөрткөн.

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жарандык абалдын актыларын каттоо органы тарабынан мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Маалыматтарды өзгөрткөндөн кийин бир айдын ичинде паспортун алмаштыруу керек. Фамилиясын, атын жана атасынын атын бир мезгилде өзгөртүүнү каттоого жол берилбейт.

Жарандар төмөнкү учурларда бир айдын ичинде өздүгүн тастыктаган документтерди алмаштырууга милдеттүү: күбөлүк бланкынын жоголушу, бузулушу, эскириши, ламинацияланышы, тексттин жана/же мөөрдүн көрүнбөй, окулбай калышы. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндө кайтадан берилген күбөлүк арыз менен кайрылган ЖААК органы тарабынан берилет.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

 

Партнеры