Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 05/02/2021
  • Просмотров: 2180
2020-жылы МККнын алдындагы Архив агенттиги 117 миңге жакын маалымат берген

2020-жылы МККнын алдындагы Архив агенттиги жеке жана юридикалык жактардын социалдык, укуктук жана тематикалык мүнөздөгү талаптары боюнча 117 миңге жакын маалымат берген. 2019-жылга салыштырмалуу 20 миңге көбөйгөн.

 

Архив фондунан документтердин 10 миңден ашык копиясы берилип, сактоого 35 миң документ алынды.

 

Ошондой эле архивдик маалыматтарды санарипке өткөрүү боюнча иш жүргүзүлдү: 6 мамлекеттик архивде 3635 сактоо бирдиги санариптештирилди жана 972 миңден ашуун архивдик документтер сканерден өткөрүлдү.

 

МКК алдындагы Архив агенттиги учурда бирдиктүү борборлоштурулган тутум болуп саналат. Анын административдик түзүмүнө 3 борбордук мамлекеттик архив, маалыматтык технологиялар борбору, документтештирүү жана үйрөтүү борбору, 7 облустук, 52 райондук, 2 шаардык жана 1 республиканын түштүгүндөгү аймактык мамлекеттик архивдер кирет.

 

Өлкөдө архив ишинин өнүгүшү Кыргыз Республикасынын өнүгүшү жана калыптанышы менен ажырагыс байланышта. Баштапкы чекит 1926-жылдын 30-августу деп эсептелет. Кызматкерлердин ичинде эки гана адам болгон, алар бир жылдын ичинде сактоого 1500 документ алышкан.

 

Архив кызматы тынымсыз өнүгүп, өркүндөтүлүп келген. Бул жылдар аралыгында адистер толук кандуу архив кызматын түзүштү. Бүгүнкү күндө ар кандай типтеги маалымат каражаттарындагы документтердин саны 4 миллион бирдикти түзөт.

 

Архивдик материалдарга суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Алардын негизинде жыл сайын 126 миңден ашуун жаран өз укуктарын жана артыкчылыктарын тастыктоочу документтерди алышат.

 

Мамлекеттик архив - бул Кыргызстандын улуттук байлыгы, дүйнөлүк маданий тарыхтын ажырагыс бөлүгү. Архивдин башкы миссиясы - мамлекеттин тарыхый мурасын сактоо, өткөндү объективдүү изилдөө мүмкүнчүлүгүн берүү, анткени архив мамлекеттин күзгүсү.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram   

 

Партнеры