Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/02/2021
  • Просмотров: 2880
 "Унаа" мамлекеттик мекемеси АвтоКТБнун Бишкек шаардык департаментинин батыш бөлүмүн жайгаштыруу үчүн имаратты ижарага алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрг

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси АвтоКТБнун Бишкек шаардык департаментинин батыш бөлүмүн жайгаштыруу үчүн имаратты ижарага алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тендер жарыялады.

 

Негизги техникалык талаптарга ылайык, имараттын аянты 500 чарчы метрден кем жана 600 чарчы метрден ашык болбошу керек, кеңсе стилинде ылайыктуу оңдоп-түзөө менен имараттын биринчи жана/же экинчи кабатында жайгашкан керек.

 

Майыптар жана бала арабалары үчүн пандустардын, кенен залдын, мамлекеттик номурларды жана архивдик документтерди сактоочу жайлардын, ошондой эле жалпы аянты кеминде 1100 чарчы метр унаа токтоочу жайдын милдеттүү түрдө болушу керек. Курулушка коюлган талаптардын толук тизмесин Мамлекеттик сатып алуулар порталынан таба аласыз (http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=262256827).

 

Имарат Бишкек шаарынын батыш тарабында жайгашкан болушу керек: А.Масалиев көч. (Түштүк магистраль), Чортеков көч., Жибек Жолу пр., Манас пр.

 

Ижара мөөнөтү объект эксплуатацияга берилген күндөн тартып 30 айды түзөт.

 

Биринчи АвтоКТБ 2020-жылдын ноябрь айында Бишкектин чыгыш бөлүгүндө Ч.Валиханов көч., 2а адресинде ачылган. Ал иштеп жаткан Калкты тейлөө борборлорунун принциби боюнча иштейт жана айдоочулук күбөлүктү алуу жана транспорттук каражаттарды каттоо, кайра каттоодон өткөрүү үчүн бардык этаптарды бир комплекстин ичинде бириктирет.

 

"Унаа" ММнин бөлүмдөрүнүн ишин АвтоКТБ моделине жараша жаңылатуу, анын ишмердүүлүгүн оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, ошондой эле сапатын андан ары жакшыртып, ошол эле учурда калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн убактысын кыйла кыскартууга багытталган.

 

Жаңы АвтоКТБнун ачылышы республиканын аймактарында дагы пландаштырылууда. Бул багыттагы иштер "Унаа" мамлекеттик мекемесинин балансында турган имараттарды кайрадан профилдөө жана модернизациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Бул моделге ылайык, 2021-жылдын аягына чейин Ошто, Чүй облусунун Жайыл районунда жана Таласта АвтоКТБлорду ачуу пландаштырылууда.

 

Мындан тышкары, 2022-жылга чейин Бишкек шаарында заманбап автодрому бар жана айдоочулук күбөлүк алууда практикалык экзамендерди тапшыруу үчүн тиешелүү инфраструктурасы бар ири АвтоКТБ куруп, ачуу пландаштырылууда.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

 

Партнеры