Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 04/03/2021
  • Просмотров: 1840
МКК 300 миңден ашык кыргызстандыктардан биометрикалык маалыматтарды топтоону пландап жатат

Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча кампаниянын алкагында мобилдүү Калкты тейлөө борборлору 2021-жылдын 3-мартынан тартып Кыргызстандын алыскы калктуу конуштарында жашаган айылдык тургундарга жардам катарында көчмө документтештирүү кызматтарын көрсөтүшөт.

Негизги максаты болуп калкты биометрикалык каттоону кеңейтүү саналат, анын негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлөт, шайлоодо жана референдумда добушту так эсептөөнү камсыздайт.

Саат 10дон 16га чейин мобилдүү КТБлар борбордук аянтта, борбордук базардын кире беришинде же республиканын шаарларынын жана айылдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын имаратынын жанында турат.

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн 300 миңден ашык кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын топтоо пландалууда.

Республиканын ири шаарларына: Ош шаарына, Жалал-Абад шаарына, Каракол шаарына жана Бишкек шаарына мобилдүү КТБлар 16-17-мартта барышат.

3-марттан баштап 20-мартка чейин республиканын бардык аймактарына жана шаарларына баруу ишке ашырылат.

Мобилдүү КТБнын кызматкерлери паспорттоштуруу кызматтарын көрсөтүү үчүн (фотокызматтар, ксерокөчүрмө, биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн аппарат, касса) зарыл техникалар менен жабдылган кичи автобустун ичинде документтерди кабыл алышат.

Ушул иш-чаралар шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча кампаниянын жана 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө маалымдоонун алкагында БУУӨПтүн жана Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен бирдикте уюштурулат.

 

Партнеры