Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 02/04/2021
  • Просмотров: 2131
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри МККнын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асел Чынбаева Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын алдындагы ведомстволук бөлүнүштөрүнүн иши менен таанышты. Жумушчу иш сапарынын алкагында борбор калаадагы калкты тейлөө борборунда жана АвтоКТБ  болуп, иш процесси менен таанышты. Жеринде МККнын ишмердүүлүгү жана Кызматтын жүзөгө ашырган долбоорлору жөнүндө презентация көрсөтүлдү. МКК төрагасы Акын Мамбеталиев калкты жана унаа каражаттарын каттоо процесстериндеги инновация жана өзгөчөлүктөр жөнүндө кеңири айтып берди. Каттоо системасындагы автоматташтыруу жана интеграциялоо жаатындагы жетишкендиктер менен катар эле Кызматтагы көйгөйлөргө да токтолду.

Өлкөнүн ар бир жараны мамлекеттик кызмат алуу үчүн өз өмүрүнүн ар кандай мезгилдеринде Кызматка кайрылаарын, каттоо органынын ишинин маанилүүлүгүн Юстиция министри баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө Асел Чынбаева Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине боло турган шайлоолордо жана референдумда шайлоочуларды идентификациялоо үчүн колдонулуучу жабдыктарды даярдоо боюнча иштин жүрүшү менен да таанышты. Андан соң Калкты каттоо департаментинин калкты каттоо тутуму түзүлгөн алгачкы күндөрдөн баштап жүргүзүлгөн жарандык абалдын актыларынын архивинде болду. Иш сапары Кызматтын борбордук аппаратында болуп, Кызматтын жамааты менен таанышуу менен аяктады.

 

Партнеры