Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 13/04/2021
  • Просмотров: 2046
Колдонулган жана жокко чыгарылган номерлер сатылат

«Унаа» мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатуу боюнча аукцион өткөрөт.

Аукционго  жалпы салмагы 143 280 кг.металл сыныктар (алюминий) коюлат.

Товардын баштапкы баасы  өзү алып кетүү шарты менен 1 кг. 65 сомду түзөт.

Аукцион жарыяланган 2021-жылдын 4-мартынан бери аукционго катышуу үчүн 2 юридикалык жактардан арыз келип түшкөн.

Аукцион 14-апрелде саат 11.00дө Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү 2Б дарегинде өтөт. Колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларды сатуу боюнча аукцион биринчи жолу өткөрүлөт. Аукциондон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Партнеры