Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 15/04/2021
  • Просмотров: 2144

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргызстандын жарандарын «абхаз» номери менен алып келинген автоунааларды сатып алуудан баш тартууга чакырат.

Бул унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен республиканын аймагына алып келингендиктен, каттоого коюлбайт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында «оң рулдуу» унааларды баштапкы каттоого да тыюу салынган.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын нотариустары «абхаз» номери менен алып келинген автоунаалар менен байланышкан ишеним каттарды тариздѳѳ боюнча нотариалдык аракеттерди жасабашсын.

Партнеры