Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 20/04/2021
  • Просмотров: 1941
Нарын облусунун Ат-Башы районунда «open space» форматында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Жаңы калкты тейлөө борбору Ат-Башы айылы М.Жунусов көчөсү 7а дареги боюнча ачылды.

Борбордун ачылыш аземине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул, МККнын төрагасынын орун басары Туйбаева Айнура, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Осмоналиев Рыскулбек, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Пратова Мухабат, ошондой эле райондун тургундары катышты.

Жаңы калкты тейлөө борборунун аянты 200 чарчы метрден ашат. Электрондук кезек, видеокөзөмөлдөөчү камералар, касса жана сүрөткө тартуу кызматы  каралган.

Жарандарды документтештирүү процесси арыздарды кабыл алуудан баштап документтерди даярдоо жана аларды берүүгө чейин толугу менен автоматташтырылган. Жарандар никени каттоо, баланын туулгандагын каттоо, паспорт алууга, «балага сүйүнчү» жөлөк пулун алуу үчүн имараттан чыкпай эле документ даярдай алышат.

 «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев белгилегендей, 2018-жылдын башында Ат-Башы районунда калкты тейлөө борбору ачылган, бирок анын аянты 70 чарчы метрди түзүп, көп адамдарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

 «Оpen space» форматындагы жаңы Калкты тейлөө борборлорунун ачылышы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар Планын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Партнеры