Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 23/04/2021
  • Просмотров: 1916
1-июндан тартып Кыргызстанда унааларды кайра каттоодон өткөрүү арзандайт

Унааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания 1-июндан баштап ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Улуттук кампания өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын транспорт каражаттарын кайра каттоодо жыйымдардын нөлдүк ставкасын белгилөө жолу менен канааттандыруу.

Унааны кайра каттоонун баасын төмөндөтүү - убактылуу акция. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык транспорт каражаттарынын ээлерин жеңилдетилген кайра каттоодон пайдаланууну жана автоунааларын өздөрүнө каттаттып алууга чакырат. Бул келечекте бир катар талаштуу жагдайлардан жана айып пулдарды алуу учурунда келип чыгуучу түшүнбөстүктөрдөн алыс болууга жардам берет.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

Тарифтик торчо менен аныкталган автоунаанын орточо базар баасынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген автотранспорт каражаттарын баштапкы каттоодон өткөрүү үчүн төлөм 5 пайызды, ал эми аны кайра каттоодон өткөрүү үчүн мамлекеттик төлөм - 0,3 пайызын түзөт.

 

Партнеры