Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 23/04/2021
  • Просмотров: 2202
МКК: Биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу май айынын башында башталат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш чараларынын планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 3-майынан баштап жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду (е-ОГП) берүү үчүн документтерди кабыл ала баштайт.

Учурда жабдууларды орнотуу жана паспортторду басып чыгарууну тесттирлөө иштери жүрүп, программалык камсыздоону иштеп чыгуу аяктап жатат.

 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынып, жарандык паспорттун Жобосу бекитилди.

2020-жылдын үлгүсүнүндөгү электрондук жалпы жарандык паспорттун баасы бекитилди:

• 50 барактык паспорт - 920 сом (банк комиссиясын эсепке албаганда);

• 34 барактан турган паспорт - 857 сом (банк комиссиясын эсепке албаганда).

Маалымат үчүн:

Жаңы муундагы паспортто электрондук чип орнотулуп, ичинде ээси жөнүндө маалыматтар, жеке маалыматтары, санарип фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оймо-чиймелеринин графикалык түзүлүшү жана санарип кол тамгасын камтыйт.

Жаңы муундагы паспорт эки нускада чыгарылат: 50 барактан турган паспорттор чет өлкөлөргө көп чыккан жарандар үчүн жана 34 барактан турган кадимки паспорт.

Жаңы паспорттун дизайнынын концепциясы улуттук стилде иштелип чыккан. Документтин барактарында маданият жана тарых эстеликтери камтылып, Кыргызстандын аймактарынын  кооз жерлери чагылдырган. Паспорттогу ар бир өзгөчөлүк документтин коргоочу элемент болуп саналып, алардын саны 30дан ашат.

 

 

Партнеры