Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 27/04/2021
  • Просмотров: 2053

Ушул жылдын апрель айынын аягына чейин калкты тейлөө борборлорунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун алууга документтерди кабыл алынат.

3-майдан баштап, 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык биометрикалык паспортуна документтерди кабыл алуу башталат. Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө аткарылат.

Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспортун шашылыш түрдө персонификациялоону май айынын аягында киргизүү пландаштырылууда. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы аралыкта чет өлкөгө сапарларды пландаштырып жаткан жана паспортко муктаж жарандарды апрелдин аягына чейин паспорт алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жана паспорт бөлүмдөрүндө белгиленген тартипте кайрылууга чакырат.  

Партнеры