Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 30/04/2021
  • Просмотров: 2113
Памирлик кыргыз эң негизги документин алды

Турганбай Памири - 2017-жылы Памирден Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыз. Ал Нарында жашап жана окуган. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Жарлыгына ылайык, ал Кыргызстандын жарандыгын алды.

Ушул жылдын 28-апрелинде Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин кызматкерлеринин жардамы менен 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын паспорту ID-картаны алуу үчүн документтерин тапшырган. 29-апрелде, Кыргызстандын жараныны экендигин тастыктаган документин тез арада алууга жетишти.

 

Тургунбай Памири Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын ID-карталарын Ленин райондук калкты тейлөө борборунан алды.

Өзүнүн видео кайрылуусунда Тургунбай Памири өлкө жетекчилигине жана Кыргызстандын элине жарандыкты кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. «Мен төрт жыл бою кыялданып, паспорт алып, Кыргыз Республикасынын жараны болдум. Бул сизге оңой болушу мүмкүн, бирок биз, памирлик кыргыздар үчүн, бул куру кыял эле. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен, Памирлик кыргыздардын бардыгы документтештирилди. Бул паспорт мага Кыргыз Республикасынын жараны катары келечекте пландарымды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат!

Памирлик  106 кыргыз Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган. Алардын ичинен 61 жаран Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын тастыктаган негизги документти алышкан, калгандары 16 жашка чыкканда алышат.

Партнеры