
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жана анын орун басары Айнура Туйбаева Кызматтын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасында санариптик документтер боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу процесстери менен таанышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын талдоочулары Кызматынын жетекчилигине электрондук кызматтарды алууда жарандарды идентификациялоонун маалыматтык тутумун камтыган санарип документтер үчүн аянтчаны иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырышты.
Долбоордун максаты - электрондук кызматтарды алуу үчүн төмөнкү шарттарды түзүү:
жарандын - электрондук кызматтарды алуучунун инсандыгын текшерүү жана ырастоо үчүн талап кылынган убакытты жана аракеттерди кыскартуу;
электрондук кызматтарды алуучулардын канааттануу деңгээлин жогорулатуу.
Биз социалдык тармактарда: