Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/05/2021
  • Просмотров: 2133
Баткендиктерге 117 документ тез арада калыбына келтирилет

МККнын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жапа чеккен жарандарды документтештирүү боюнча иштерди жүргүзүштү. Көк-Таш, Максат айылдарында жана Баткен шаарында мобилдик калкты тейлөө борборлору тез арада жоголгон документтерди калыбына келтирүү боюнча арыздарды алышты.

49 паспорт (ID-карта), 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 10 нике күбөлүгү, 12 айдоочулук күбөлүк, 1 транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк, 7 өлүм жөнүндө күбөлүк - алардын алтысы калыбына келтирүү, бирөөсү жаңыдан алуу боюнча арыздар кабыл алынды. Мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, сүрөткө тартып, керектүү маалыматтарды топтошту.

Мындан тышкары, Бишкектик ТжОИИБдо Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу Баткен коогалаңында ID-паспортторун жоготкон төрт жаранды документтештирүү кызматын жеринде көрсөттү.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram 

 

Партнеры