Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 21/05/2021
  • Просмотров: 1675
20-майга карата акция аркылуу 29 кыргызстандык ID-карталарын алышты

20-майга карата акция аркылуу 29 кыргызстандык ID-карталарын алышты

Кыргыз Республикасынын ID паспортторун акысыз берүү боюнча улуттук кампания уланууда. Акция мамлекеттик колдоого муктаж жарандардын беш категориясына тиешелүү.

Үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата алынган маалыматтарга караганда, буга чейин 29 кыргызстандык жаран документтештирилип, идентификациялык карталарын алышкан. Алардын 26сы өспүрүмдөр, үчөө Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлери. Улуттук кампаниянын жүрүшүндө дагы 784 кыргызстандык документтештирилет.

МААЛЫМАТ:
Мамлекеттик каттоо кызматы "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын аткарылышына ылайык 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын ID карталарын берүү жана документтештирүү боюнча иш жүргүзүүдө.

МКК Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинен, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен алынган тизмелерди карап чыгууда.

Улуттук кампания 31-августка чейин уланат жана документтерди (ID-карта) бекер берүү менен Кыргызстандын аялуу катмарынын жарандарын камтыйт.

Кыргызстандын ички паспортун (ID-карта) акысыз алуу укугу, жоготулган учурларды кошпогондо, төмөнкү категориядагы адамдар болушу мүмкүн:
- мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана социалдык стационардык жатак мекемелеринде жашаган 16 жаштагы балдар;
- 18 жашка чейинки эки ата-энеси тең каза болгон жетимдер (толук жетимдер);
- мамлекет тарабынан толук камсыздоого алынган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтогу майыптар;
- мамлекеттарабынан толук камсыздалган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган 70 жаштан ашкан пенсионерлер;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары (анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган, концлагерлердин жашы жете элек туткундары) жана Баткен окуясынын катышуучулары.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Партнеры