Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 25/05/2021
  • Просмотров: 2141
МККна караштуу "Унаа" ММи жыл башынан бери 500 миңден ашуун кызмат көрсөткөн.

 

1-январдан баштап 30-апрелге чейин МКК тарабынан автоунааларды каттоо жана айдоочуларга жана унаа ээлерине документтерди берүү жаатында 512 миң кызмат көрсөтүлдү. 2020-жылы ушул эле мезгилде 200 миңге азыраак болгон. Бул айырмачылык пандемиянын башталышы жана республикада өткөн жазда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдын киргизилиши менен байланыштуу.

Көрсөтүлгөн кызматтардын жалпы санынын көпчүлүгүн мамлекеттик каттоо белгилерин берүү ээледи. Унаа ээлерине 189,6 миң даана автономер берилген, бирок өткөн жылы ушул мезгилде ал үч эсе аз болгон.

Экинчи орунда "автомототранспорттук каражаттарды каттоо" турат - 139 миң бирдик, анын ичинен чет өлкөдөн келгендер, республиканын ичинде региону же/жана ээси өзгөрүү менен каттоодон өткөн транспорттор жана чет өлкөгө чыгарылышы же анын жокко чыгарылышына байланыштуу реестрден чыгышын каттоо.

МКК 2021-жылдын январынан апрелине чейин 114 миң транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк жана 64 миң айдоочулук күбөлүк берген. Ошонун ичинен 98,5%ы улуттук айдоочулук күбөлүктөр, 1%дан азыраак - эл аралык айдоочулук күбөлүктөр, калгандары - трактор-машинист айдоочусунун күбөлүктөрү. 2020-жылы ушул эле 4 айда 8770 айдоочулук күбөлүккө көбүрөөк жана 40 миңге азыраак ТК каттоо тууралуу күбөлүк берилди.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Партнеры