Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 27/05/2021
  • Просмотров: 1942
"Ош Базары" аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө радиотүйүндөрдүн пункттарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын 300дөн ашык документ табылды

"Ош Базары" аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө радиотүйүндөрдүн пункттарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын 300дөн ашык документ табылды

Борбор калаанын Ленин районунун ИИБнын кызматкерлери документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнө өткөрүп беришти. МКК 2017-жылы "Табылгалар бюросу" автоматташтырылган маалымат издөө тутумун ишке киргизди. Анын маалымат базасына жарандар тапкан документтер жөнүндө бардык маалыматтар киргизилет.

Табылган документтердин тизмеси:

eID-паспорт - 85 даана;
Жалпы жарандык паспорту - 7 даана;
AN паспорту - 177 даана;
Айдоочулук күбөлүк - 27 даана;
Аскердик билет (таандык) - 2 даана;
Эмгек китепчеси - 1 даана;
Нике тууралуу күбөлүк - 5 даана;
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк - 4 даана;
ТК каттоо жөнүндө күбөлүк - 5 даана;
Студенттик карта - 3 даана;
Өтүү билети - 3 даана.


Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди тапкан жарандарды МККнын бардык аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырат. Эгерде суроолоруңуз болсо, МККнын 119 чалуу борборуна кайрылыңыз. Ошондой эле, МККнын электрондук кызматтар порталынын маалымат базасынан жоголгон документтерди издөө жана текшерүү үчүн колдонсоңуз болот.

Биз социалдык тармактарда:

 Facebook

 Youtube

 Twitter

 Instagram

 

Партнеры