Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 27/05/2021
  • Просмотров: 1872
Биринчи кыргызстандыктар жаңы биометрикалык паспортун алышты

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жаранынын жалпы жарандык паспортун (e-ЖЖП) тапшыра баштады. Биринчи нускаларынын салтанаттуу презентациясы КТБ-4 залында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Чыныбаева жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын м.а. З.Карыбеков катышуусунда өттү.

Жаңы биометрикалык паспорттун алгачкы ээлери биздин жаш шахматчылар - Азиянын үч жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова жана балдар арасындагы эки жолку чемпион Эмир Шаршенбеков болду. Чет өлкөлөрдөгү эл аралык турнирлерге катышуу үчүн жаш спортчуларга паспорт керек болду.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы биометрикалык паспортторун киргизүү абдан маанилүү процесс болду, анткени электрондук паспорт биздин өлкөнүн жарандары эл аралык чек арадан өтүүдө жана чет өлкөдө жүргөндө негизги документ болуп саналат", - деди министр.

Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет. Анын 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери бар: беткабында тактилдик элементтер, когнитивдик басуу жана басмалар, суу белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, заманбап материалдар. Лазердик технологиянын ыкмасы менен басылган жеке маалыматтар (түстүү фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оюмдарынын графикалык түзүлүшү) жана электрондук чип паспорттун негизги коргоосу болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргызстан жарандарынын биометрикалык паспортторун киргизүү боюнча артыкчылыктуу иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жаңы муундагы чет элдик паспортторду берүү башталган. Биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу ушул жылдын 3-майында башталган жана бүгүнкү күндө 40 миңге жакын арыз берүүчүлөр бар. Бүгүнкү күндө алардын 32000 бирдиги тапшыруу процессинде», - Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын м.а. З.Карыбеков деди.

Документтерди каттоо жана паспортторду берүү жашаган жерине карабастан бардык калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Өндүрүү убактысы - 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Маалымдама:
Биометрикалык паспортторду ишке киргизүү иштери 2016-жылы башталган. Биринчи этапта электрондук чип орнотулган ички eID-паспорттор даярдалып, 2017-жылы берилген. Андан ары Мамлекеттик каттоо кызматы чет элдик паспорттор менен иштөөнү уланткан. Үч жылдын ичинде жаңысы иштелип чыгып, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди, эл менен консультациялар өткөрүлдү, алдыңкы дизайнерлер жана эксперттер чакырылды.

Жаңы муундагы паспорт жарандын тандоосу боюнча эки түрдө болот - чет өлкөгө көп чыккан жарандар үчүн 50 барактан турган жана жөнөкөй - 34 барактан турат.

"2020-жылдын үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым түрлөрүн киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынып, жарандык паспорттун Жобосу бекитилген.

Биз социалдык тармактарда:

Facebook

Youtube

Twitter

Instagram

 

Партнеры