Опубликовано 03/06/2021
Эртең, 4-июндан тартып, калкты тейлөө борборлорунун жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн иштөө режими өзгөртүлөт.
Эми Кыргызстан боюнча КТБлору жана ЖААКПКК бөлүмдөрү саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштешет.
Мамлекеттик каттоо кызматынын буйругуна ылайык кызматкерлердин ийкемдүү иш графиги бекитилет.
Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын жарандарынын ыңгайлуулугу үчүн жана жай мезгилине гана 2021-жылдын 31-августуна чейин киргизилген.
Буйрукка МККнын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкарбек Карыбеков 2021-жылдын 3-июнунда кол койду.
Биз социалдык тармактарда: