Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 08/06/2021
  • Просмотров: 9057
Калкты каттоо чөйрөсүндө улуттук кампанияларды ишке ашыруу

Бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты департаментинин директору Пратова Мухабат, «Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын директору Осмоналиев Рыскулбек жана «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Шералиев Бакытбектин катышуусунда  басма сөз жыйынын болуп өттү.

Брифингдин катышуучулары журналисттерге калкты каттоо чөйрөсүндөгү ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат беришти. Иш-чаранын негизги максаты  өткөрүлүп жаткан  акциялардын максаттары жана тапшырмалары жөнүндө кеңири коомчулукка жеткирүү.

Мамлекеттик каттоо кызматы Баткен областынын жарандарын документтештирүү боюнча иш алып барышты. Жергиликтүү бийликтин жардамы менен документтештирүүгө муктаж болгон жарандардын тизмеси түзүлгөн.

Бул максатта мамлекеттик каттоо кызматы жер-жерлерде көчмө мобилдүү КТБлорун уюштурду. Жабыркагандарга жарандык абалдын актылары, паспорттоштуруу, транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочунун күбөлүгүн калыбына келтирүү боюнча кызматтар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, жабыркагандар Мамлекеттик каттоо кызматынын  кызматкерлеринин каражатынын эсебинен акысыз документтештирилди.

Калкты каттоо департаментинин директору билдиргендей, бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы чек ара чатагында жабыркаган жарандардын 200гө жакын документтерин калыбына келтирди.

Бүгүнкү күндө жарандардан жаңы паспорт алуу боюнча 55 000 арыздар кабыл алынды.

6,5 миң жалпы жарандык биометрикалык паспорт жарандарга берилген.

21 миңге жакын паспорт жарандарга берүүгө даяр.

Май айынын башталышы менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун идентификациялык карталарды - бекер берүү боюнча улуттук кампания башталды.

Акция Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында 31 август 2021-жылга чейин уланат.

Акция Кыргызстандын аярлуу катмарларындагы жарандарды документ менен акысыз камсыз кылууга багытталган.

Кампаниянын алкагында 67 жаран документтештирилген жана 37 паспорт берилген.

1-июндан тарта Кыргызстанда дагы бир улуттук кампания башталды. Транспорт каражаттарын кайра каттоодо жеңилдетилген шарттар түзүлдү.

Акциянын максаты – Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында автоунааны кайра каттоодо алымдын нөлдүк ставкасын белгилөө менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандыруу.

Унааны кайра каттоонун баасы, унаанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан, 1 миң 360 сомду түзөт. Эгерде жаңы номер албаса, анда автоунааны кайра каттоонун  баасы - 460 сомго чейин төмөндөйт.

Учурда жеңилдетилген шартта автоунааны кайра каттоо мүмкүнчүлүгү бар. Кайра каттоонун арзандатылышы убактылуу, ал ушул жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Акция башталгандан тартып 01.06.2021-07.06.2021 чейин-5759 операция жүргүзүлгөн.

 

 

Партнеры