Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 09/07/2021
  • Просмотров: 10128
Оң рулдуу унаалардын кузовдорун алмаштырууга тыюу салуу боюнча долбоор

Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө, аларды тиешелүү түрдө каттоого, колдонууга тыюу салган мыйзамдын натыйжасыз аткарылышына жана мыйзамдардагы боштуктарга, коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлиги кыймылдуу мүлктү каттоо боюнча иштин алкагында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыккан. Долбоор аныкталган коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган, анткени кузовдор, номерленген түйүндөр жана агрегаттардын алмаштыруунун натыйжасында оң рулдуу автоунаалардын акырындык менен эскиришине жана аларды колдонуунун азайышында оң динамика жок. Эске салсак, мыйзам транспорттун ушул түрү менен байланышкан жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө, каттоого жана аны колдонууга тыюу салынган. Бирок коррупциялык схемалардын жана мыйзамдардагы боштуктун (кузовду алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө тыюу салынган эмес) натыйжасында бул оң рулдуу унаалардын акырындык менен эскиришине жана аларды колдонуунун азайуу динамикасына тескери таасирин тийгизип, натыйжада жол коопсуздугу жогорулаган жок.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен мыйзамдардагы боштуктарды жана коррупциялык схемаларды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор иштелип чыгып, кароого сунушталды. Анда оң рулдуу унааларга кузовдорду орнотууга, ошондой эле жарактан чыккан оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салууну карап чыгуу сунушталууда. Болбосо жол коопсуздугун жогорулатуу маселеси чечилбейт.

Маалымат үчүн

Көрүүнүн жетишсиздигинен улам оң рулдуу автоунаалардын ээлери жолдордо авариялык жагдайларды жана тыгындарды көп жаратышат, озуп кетүү эрежелери, жолдо жүргүнчүлөрдү унаадан түшүрүү эрежелери бузулат, бул республикада жол кырсыктарынын жогорулашына алып келет. Ошондой эле бул унаалар жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде шаарлар аралык ташуу, үчүн такси катары колдонулат, бул жарандардын өмүрүнө коркунучту жогорулатат.

***

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» 2021-жылдын 5-майындагы № 114 жарлыгына ылайык МКК менен СӨМК бириктирүү менен түзүлгөн.

Партнеры