Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 10/09/2014
  • Просмотров: 3052

2014-жылдын 20-июнунда Ош жана Жалал-Абад областтарында жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча долбоор башталды. Бул долбоор КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссары башкармалыгы менен биргеликте иш жүзүнө ашырылууда. Долбоорго Ош жана Жалал-Абад областтарынын паспорт-визалык жана каттоо иштеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын жана «Фергана өрөөнүнүнюристтери чектерсиз» КФнын кызматкерлери тартылышкан.

Долбоордун максаты – жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана алардын санын кыскартуу, ошондой эле документтештирилбеген жарандарга юридикалык жардамды көрсөтүү.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Ош областындагы 2255 адам юридикалык жардам алышкан, ал эми Жалал-Абад областында – 2249 адам, алардын ичинен Ош областы боюнча СССРдин 1974-жылдагы үлгүсүндөгү 1007 жаран, Жалал-Абад областы боюнча – 1063 адам аныкталган.

Андан тышкары, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жарандарга юридикалык жардам көрсөтүлгөн: Ош областы боюнча – 346 жана Жалал-Абад областы боюнча – 418, Кыргызстандын жарандары менен никеде турушкан Өзбекстан Республикасынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорттору менен: Ош областы боюнча – 363 жана Жалал-Абад боюнча – 568.

Партнеры