Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 07/07/2014
  • Просмотров: 4274

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү боюнча Ыкчамдатылган иш-чаралар планын иш жүзүнө ашыруунун алкактарында, жаңы муундагы паспортторду (биометрикалык паспортторду) киргизүүнү кошо алганда КРӨгө караштуу МККнын жетекчилигин чакыруусу менен, ОБСЕнин финансылык колдоосу алдында 7-июлдан 11-июлга чейин Кыргызстанда ОБСЕнин жана Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) миссиясы  жүрүүдө. ОБСЕ – ИКАОнун баа берүү миссиясынын максаты болуп калкты каттоонун жана жол жүрүү документтеринин (паспорттордун) берилиши, анын ичинде персоналдык маалыматтарды топтоо. Иштеп чыгуу жана сактоо боюнча ченемдик-укуктук базасын, жоболук-техникалык документацияларды жана техникалык жабдылышын изилдөө эсептелет. Визиттин пландаштырылган программасынын алкактарында бүгүн, 7-июлда Премьер-министр Ж.Оторбаевдин ОБСЕ-ИКАОнин баа берүү миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү. Андан тышкары КРнын биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашев менен, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана КР ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган. Баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча калкты каттоо жана паспорт берүү системасын, анын ичинде биометрикалык маалыматтарды сапаттын эл аралык стандарттарына жана маалыматтарды коргоого ылайыкмодернизациялоо боюнча сунутар даярдалат. Баа берүү комиссиясынын отчету өзүнө ИКАОнун талаптарын эске алуу менен ченемдик-укуктук актылар, жоболук-техникалык документтер жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча сунуштарды камтыйт.
ИКАОнун өкүлдөрү:
1. Эрик Славенас – машинада окула турган жол жүрүү документтеринин (МОЖД) тармагында жардам көрсөтүү долбоорлору боюнча кеңешчи
2. Росс Гринвуд–ИКАОнун эксперти;
ОБСЕнин (Европа кеңсеси) өкүлдөрү:
3. Поль Пикард – Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча кеңешчи / Транс улуттук коркунучтарга каршы аракеттенүү департаменти / Терриризмге каршы бөлүм / ОБСЕнин Катчылыгы;
4. Зоран Докович – ОБСЕнин БДИИПЧтин миграция маселелери боюнча кеңешчиси.

 

Партнеры