Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 27/06/2014
  • Просмотров: 3572

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын 16 жаштан жогорку жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо үчүн жабдуулары бар программалык камсыздоону сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын курамына төмөнкү негиздер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизет:
1.    Тендердик комиссиянын мүчөсү, Килин Е.И., тендердик комиссиянын курамынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин 2014-жылдын 04-июнундагы №3/17823 катынын негизинде чыгарылган;
2.    Тендердик комиссиянын мүчөсү, А.М. Бекбоева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Коомдук байкоо кеңешинин 2014-жылдын 13-июнундагы №62 катынын  негизинде Г.М. Халилова менен алмаштырылган.
3.    Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»мыйзамынын 13-бренесинин 6-пунктуна ылайык, тендердик комиссиянын мъч=съ, Исаев М.А. тендердик комиссиянын курамынан чыгарылган.
Ошентип, тендердик комиссиянын жаңы курамы төмөнкүчө болуп түзүлгөн:
1. СекимовБактыбекШайыкбекович – Тендердик комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
2. Скрипкина Галина Анатольевна
3. БекматовАбдыжапарГапырович
4. Уезбаев Улан Калмурзаевич
5. СарлыкбекуулуМирланбек
6. УсупбековаАйнураМаксатбековна
7. ЧокморовТимурбекЭлдиярович
8. МурзабековаКанымкул Михайловна
9. ЖумалиеваЖылдызИсабековна
10. КучумкуловБахтиерАбдукаримович
11. МамбеталиеваРысканАлешевна
12. Дикан Никита Владимирович
13. ДжолбуновАйбекРыспекович
14. Акимбаев Аскар Жусупбаевич
15. Осмоналиев Улан Сагынбекович
16. ЭрменовБактыярЗамирбекович
17. Солтонбеков Хамид Манарбекович
18. Барктабасов Нурсултан Мелисович
19. Халилова ГулназМажитовна
УшунумененбиргеКыргызРеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын тескемеси менен  Кыргыз Республикасынын калкынын16 жаштан жогорку жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо үчүн жабдуулары бар программалык камсыздоону сатып алуу боюнча тендер тооруктарынын катышуучуларынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө, сервердик жабдууга жана маалыматтар базасын башкаруу системасына карата лицензияларга экспертиза жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтүү үчүн, КРнын Ички иштер министрлигинин, КРнын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин, КР ФМдин алдындагы  «Инфо-Системанын», КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, КРнын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кызматкерлеринен жана көз карандысыз эксперттерден турганведомство аралык эксперттик топ түзүлгөн.

 

Партнеры