Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 25/09/2014
  • Просмотров: 3308

Мындан ары Мамлекеттик каттоо кызматынын «Инфоком» МИсинин Калкты тейлөө борборлору паспорт алуу учурунда жарандарга сапаттуу фото тартуу кызматтарын өз алдынча көрсөтө баштайт.

Бул иш-чара жарандардын паспортторун сапаттуу персонификациялоону камсыздоо жана КТБнын кирешелүүлүгүн жогорулатуу, ошонусу менен өлкөнүн бюджетине салыктар түрүндөгү кошумча келип түшүүлөрдү олуттуу жогорулатуу үчүн кабыл алынган.

Жүргүзүлгөн талдоо, КТБлардагы фото кызмат көрсөтүүлөрүнө карата аракеттеги келишимдер акыйкатсыз түзүлгөндүгүн көрсөткөн, мында кирешенин 60% менчик фотосүрөтчүлөргө  түшөт. Белгилей кетүү керек, ошол эле учурда, менчик фотосүрөтчүлөргө КТБлардын имараттары жана санариптик фотоаппараттар фотосүрөттөрүн тартуу кызматтарын көрсөтүү үчүн ижара акысын жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөбөстөн акысыз  берилген.

Отчеттук көрсөткүчтөргө ылайык, фото кызмат көрсөтүүлөрүнөн ай сайын алына турган кирешелер Бишкек ш. гана 148 500 сомду түзөт, алдардын ичинен жеке ишкерлердин кирешеси – 91460 сом (60%), ал эми “Инфоком”  МИси болгон 57040 сомду (40%) иштеп тапкан.

Калкты тейлөө борборлору фотосүрөттөрдү тартуу жана  сүрөттөрдү басып чыгаруу үчүн тийиштүү жабдуулар менен камсыз болушкан, студиялык жарык берүү үчүн жабдуулар орнотулган. Сапаттуу фото кызматтарын көрсөтүү үчүн КТБлардын операторлору окутуудан өтүшкөн жана фотосүрөттөрүн иштеп чыгуу көндүмдөрүнө ээ болушкан.

Аталган иш-чара биринчилик брактардын жана кайрылган учурларда фотосүрөттөрү боюнча кайтаруулардын санын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.

 

Партнеры