Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 09/10/2014
  • Просмотров: 5644

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана түп-тамырынан жок кылуу Кыргызстандагы коррупция менен күрөштүн жаңы этабынын башкы милдеттеринин бири  болуп саналат.

КРнын Коргонуу кеңешинин Эксперттик тобу тарабынан КРӨ МКК менен биргеликте, КРӨ МККнын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу иши аяктады.

Жумушчу тобу тараптан 10 коррупциялык зоналар аныкталган жана ондогон жылдар бою кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндө иштеп келген 38 коррупциялык схемалар талданган.

Жыйынтыгында, КР Коргонуу кеңеши тарабынан бекитилген жана бийликтин тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон Коррупциялык зоналарды жана схемаларды четтетүү боюнча План иштелип чыккан.

Коррупциялык схемаларды аныктоо жана түп тамырынан тартып жоготуу боюнча ушуга окшош иштер Калкты жана жарандык абалдардын актыларын каттоо департаментинде жасалма документтер боюнча улуттук паспортторду даярдоого бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүүдө.

Коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкактарында КР Өкмөтүнө караштуу МККда УКМКнын, КР Коргонуу кеңешинин эксперттери жана жарандык сектор курамына кирген жумушчу тобу түзүлгөн. Топтун ишинин жыйынтыктары боюнча КРнын улуттук паспортторун берүүгө документтерди кабыл алуу, тариздөө жана берүү, чет элдик жарандарга визаларды берүү жана узартуу чөйрөлөрүндөгү, ошондой эле Калкты жана жарандык абалдардын актыларын каттоо департаментинин кадр саясатындагы тартип бузуулар жана мыйзамсыз аракеттер аныкталган.

Натыйжалуу ишке жетишүү үчүн, коррупция менен күрөшүү иш-чараларына КРнын бийлигинин аткаруу бутактарынын органдары гана катышпастан, акыйкат укук органдары дагы катышуусу зарыл.

Азыркы күндө, КРнын сот органдары жана башка ведомстволору коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди гана иш жүзүнө ашырууга шарт түзбөстөн, аларды иш жүзүнө ашыруу чаралары натыйжасыз, ал эми коррупция менен күрөшүү – профанация болуп калгандай шарттарды түзүшүүдө.

Мисалга алсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2014-жылдын 2-октябрындагы чечими менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын акталарын каттоо департаментинин директорунун орун басары С. Бузурманкуловага карата дисциплинардык жазалоону колдонуу тууралуу буйругу алынып ташталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2014-жылдын 1-октябрындагы чечими менен А. Матаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын акталарын каттоо департаментинин Жалал-Абад областынын Сузак районунун паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна калыбына келтирилген. Сот, А. Матаевге карата КРнын жаранынын улуттук паспортун мыйзамсыз бергендиги фактысы боюнча кылмыш ишин козгогондугуна, ошондой эле паспортту тариздеп жасап бергендиги үчүн акча каражаттарын опузалап алуу боюнча материалдар бар экендигине карабастан, аны мурунку кызмат ордуна калыбына келтирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2014-жылдын 22-сентябрындагы чечими менен А. Карабаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын акталарын каттоо департаментинин Жалал-Абад областынын Сузак районунун паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн башкы адиси кызмат ордуна калыбына келтирилген. Андан тышкары, А. Карабаева  паспортторду мыйзамсыз берүү боюнча схемаларга аралашкан, бирок мында дагы сот көрсөтүлгөн чечимди кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Эмгекти жана эмгектике мамилелерди коргоо башкармалыгынын 2014-жылдын 5-сентябрындагы тартип бузуулар тууралуу буйруусунун негизинде М. Жамбилова жана Г. Ниязова МККга караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин буйругу менен кызмат орундарына калыбына келтирилишкен.

Коррупцияга каршы күрөшүүдө натыйжага жетишүү үчүн системалуу жана принципиалдуу ыкма, ошондой эле КРнын аткаруу бийлигинин органдары гана эмес акыйкат укуктук органдары дагы катышуусу зарыл.

Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкан жана кармалып калышкан кадрлардын кызмат орундарына соттор аркылуу кайра келишинин практикасы толук деңгээлде ушул сыяктуу терс моменттер менен күрөшүүгө мүмкүндүк бербейт. Коррупция мамлекеттик органдардын легитимдүүлүгүн талкалайт, акыйкат укук системасын үзгүлтүккө учуратат жана жазаланбай калуучулукту стимулдаштырат.

Жеке байуусун көздөп мыйзамду бузган адам коомчулуктун алдында кызмат ордуна калыбына келтирилбөөгө тийиш жана ал мамлекеттик мекемелерде иштебеши керек. Соттор бул маселеде лоялдуулукту көрсөтүүгө тийиш.

 

Партнеры