Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 20/10/2014
  • Просмотров: 3305

Бүгүн, 20-октябрда, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын www.darek.kg жаңы порталынын бетачары болуп өттү.

www.darek.kg порталы – Кыргызстан үчүн бардык мамлекеттик органдар, ошондой эле КРнын юридикалык жактары жана жеке адамдары үчүн даректик маалыматты киргизүүнүн бирдиктүү булагы болуп кызмат өтөөгө арналган революциялык кадам.

Портал  республиканын көчөлөрүнүн аталыштарын конкреттештирет, бул келечекте шайлоочулардын жашаган жери боюнча даректерин жана тизмелерин анык белгилөөгө жана тактоого  мүмкүндүк берет.

Даректердин жана көчөлөрдүн толук реестрин түзүү КРнын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин ишке киргизүү, жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоону жүргүзүү, ошондой эле шайлоо системасын өркүндөтүү жана таза, ачык шайлоолорду камсыздоо программасына киргизилген.
Darek.kg тартип бузуучунун жашаган жерин аныктоо жана протокол түзүү максатында «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү иш жүзүнө ашырууга жардамдашат. Андан тышкары, уюмдарга Кыргызстандын көчөлөрүнүн аттарынын бирдиктүү эсепке алынышынын маалыматтар базасына кирүүсүнө  уруксат берет жана коммуналдык кызматтарга абоненттердин даректерин ирээтке келтирүүгө шарт түзөт.

«Порталдын сурап-билүү китепчесинде республика боюнча 30 миңден ашуун көчөлөр бар, аны иштеп чыгуунун үстүнөн үч ай эмгектендик», – деп билдирди «Инфокомдун» директорунун орун басары Акын Мамбеталиев.

Кыргызстандын ар бир жашоочусу  он-лайн режиминде өз көчөсү тууралуу актуалдуу маалыматты www.darek.kg с Интернет-порталы аркылуу «Кыргыз Республикасынын даректик каттоосу» автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен ала алат.

 

Партнеры