Бишкекте калкты биометрикалык каттоо улантылууда. Графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратында биометрикалык маалыматтарын Мамлекеттик тарых музейинин, Фрунзе ат. Мемориалдык музейдин жана Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын кызматкерлери тапшырышат.
30-октябрь күнүнө биометрикалык каттоодон башында маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов турган министрликтин Борбордук аппаратынын, Департаменттеринин, Улуттук маданий борбордун жана дагы башка бир катар мекемелердин кызматкерлери өтүшмөкчү.
Биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн өз алдынча мобилдүү топтор А.Малдыбаев ат. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына жана Т.Сатылганов ат. Улуттук филармонияга жөнөтүлүшөт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы кызматкерлердин жалпы саны 16 миң адамга жакын.
Эскерте кетсек, Бишкекте биометрикалык маалыматтарын 7 миң 753 адам тапшырышкан.