Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 26/11/2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 1-августу № 110

Жарандык абалдын актылары жөнүндө

2020-жылдын 17-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети жана максаттары

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында да, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде да жарандык абалдын актыларын каттоонун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилейт. Каттоо системасынын максаты жарандардын укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгуусуна, өзгөрүүсүнө же токтотулуусуна таасир этүүчү, ошондой эле жарандардын укуктук абалын мүнөздөөчү жана жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында мамлекеттик катталууга тийиш болгон ушул Мыйзамга ылайык катталган жарандардын аракеттеринин же окуяларынын мамлекет тарабынан таанылуусу болуп саналат.

2-берене. Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар

Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинен, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинен, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) жарандык абалдын актылары - адамды жекелештирүүчү жана аны менен анын укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгышы жана токтотулушу байланышкан юридикалык жол-жоболоштурулган жагдайлар.

2) окуялар жана фактылар - жарандык абалдын чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин катышуучуларынын эрки боюнча келип чыккан жана жарандык абалдын актыларында, анын ичинде жарандык абалдын актыларындагы жазууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жана өз чагылдырылышын тапкан реалдуу чындыктагы көрүнүштөр;

3) жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - "ЖААЖ" АМС) - жарандык абалдын актыларынын жазууларын мамлекеттик каттоо, сактоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу жана идентификациялык жеке номерди автоматташтырып ыйгаруу процессинде пайдаланылуучу автоматташтырылган маалымат системасы;

4) идентификациялык жеке номер (мындан ары - ИЖН) - Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип (жекече) эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир жолу берилүүчү жана бул адамдарда өзгөртүлбөстөн өмүр бою сакталуучу жеке номер.

4-берене. Милдеттүү мамлекеттик катталууга тийиш болгон жарандык абалдын актыларынын түрлөрү

Жарандык абалдын төмөнкү актылары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга тийиш:

1) туулгандыгы;

2) никелешүүсү;

3) никесинин бузулгандыгы;

4) фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү;

5) өлгөндүгү.

5-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын коргоо максатында, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарында белгиленет.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо автоматташтырылган маалымат системалары аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт, арыз ээлери жана жарандык абалдын актысына жазуу жүргүзүүчү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат.

3. Жарандык абалдын актыларын каттоо арыз ээсинин кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайык автоматташтырылган маалымат системалар аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт.

5. Маалымат коопсуздугун белгиленген тартипте камсыз кылуу жана жарандык абалдын актыларындагы жазууларга санкцияланбаган жеткиликтүүлүк үчүн жоопкерчилик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

6. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардын бланктарынын формалары, жарандык абалдын актыларынын жазууларын, жарандык абалдын актыларынын бул жазууларынын негизинде берилүүчү күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары жана мазмуну, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын тастыктаган башка документтердин жана бланктардын формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Жарандык абалдын актыларынын жазууларынын бардык түрлөрүндө жана жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдө идентификациялык жеке номерлер көрсөтүлөт.

7. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери өзүнө, өзүнүн жубайына, анын жана өзүнүн жакын туугандарына карата жарандык абалдын актыларына мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга укуксуз. Мындай учурларда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо башка кызматкер тарабынан же жарандык абалдын актыларын каттоонун башка органында жүргүзүлөт.

8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана сапаты үчүн жоопкерчилик жарандык абалдын актыларына жазууларды жүргүзүүчү кызматкерге жана анын түздөн-түз жетекчисине жүктөлөт.

9. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:

- жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринен тышкаркы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер.

2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрү менен, аймагында жарандык абалдын актыларын жазуу органы болбогон административдик-аймактык бирдиктерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөтүнө) өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

7-берене. Жарандык абалдын актысын жазуу

1. Жарандык абалдын актысын жазуу автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт жана кагазга басылып чыгарылат. Жарандык абалдын актыларынын электрондук түрдөгү жазылган тексти менен кагазга басылган текстинин ортосунда айырмачылыктар болгондо, кагазга басылган текст түп нуска болуп эсептелет.

2. Жарандык абалдын актысына жазуу жүргүзүү үчүн арыз ээсинин инсандыгын ырастаган төмөнкү документтердин бири көрсөтүлүүгө тийиш:

1) туулгандыгын, никелешүүсүн, никесинин бузулгандыгын, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгүн жана өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодо:

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту (ID-карта), ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы аймакта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жаппы жарандык паспорту;

б) офицердин инсандыгынын ырастамасы;

в) жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;

г) чет өлкөлүк жарандын паспорту;

д) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо "Кайрылмандын" ырастамасы;

2) кайрадан күбөлүк алууда:

а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аймакта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту;

б) офицердин инсандыгынын ырастамасы;

в) "Кайрылмандын" ырастамасы;

г) жарандыгы жок жактар үчүн жашай туруу укугу;

д) чет өлкөлүк жарандын паспорту;

е) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандыгы жөнүндө маалымкаты.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык абалынын актысын мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн көрсөтүлүүчү документтеринин аныктыгы, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостилдештирүү аркылуу тастыкталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулат. Документтерди которууну жүзөгө ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган керектүү документтер кошо тиркелген арыздын негизинде жүргүзүлөт.

4. Ата-энелеринде алардын инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурларда, баланын туулгандыгы фактысын каттоо ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Жарандар бир айдын ичинде өзүнүн инсандыгын ырастаган документтерин төмөнкүдөй учурларда алмаштырууга милдеттүү:

1) никеге турганда жана бузулганда жубайлардын (жубайынын) фамилиясы өзгөртүлгөндө;

2) фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндө;

3) жарандык абалдын актыларындагы жазууларга өзгөртүүлөр жана ондоолор киргизилгенде.

8-берене. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк, ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын ырастоо үчүн берилет.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүккө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкеринин колу коюлат жана жарандык абалдын актыларын жазуу органынын гербдүү мөөрү менен бекитилет.

3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык даярдалат.

9-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскирип жыртылганда, ламинирленгенде, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда, арыз ээси кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан кайрадан берилет.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет:

1) ага карата жарандык абал актысына жазуу жүргүзүлгөн адамга;

2) эмгекке жарамсыз деп таанылган адамдардын камкорчуларына;

3) өлгөн адамдын жакын тууганына (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);

4) эгерде туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлгөн баланын күбөлүктү кайрадан берүүчү күнгө карата жашы жете элек болсо, ата-энесине (аларды алмаштыруучу адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын өкүлдөрүнө;

5) ушул беренеге ылайык, жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укугу бар адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты көрсөтүлгөн учурда, башка адамга.

3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүдөй учурларда кайрадан берилбейт:

1) ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылганда же ата-энелик укуктары чектелгенде, баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) - туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

2) никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга - нике тууралуу күбөлүк.

4. Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларындагы жазуулардан көчүрмөлөр берилет.

10-берене. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартуу

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) эгерде мамлекеттик каттоо ушул Мыйзамга карама-каршы келсе;

2) ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында коюлган талаптарга ылайык келбесе;

3) Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган жарандык абалдын актыларын каттоого тоскоолдук кылуучу негиздер бар болгондо.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартылган адамдын (анын өкүлүнүн) талабы боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси бул адамга (анын өкүлүнө) баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоодон баш тартуу Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

11-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн купуялуулугу жана аларды берүү тартиби

1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоого байланыштуу жарандык абалдын актысын жазуу органынын кызматкерине белгилүү болуп калган маалыматтар жеке маалыматтар болуп саналат, купуя маалымат категориясына кирет, ага жеткиликтүүлүк чектелүү болот жана ачыкка чыгарылбоого тийиш.

2. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоодо жазуу жүргүзгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы калкты социалдык коргоо органына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, салык органдарына жана аймагы боюнча аскер комиссариаттарына өлгөндүгү мамлекеттик каттоого алынгандыгы жөнүндө маалыматты билдирет.

3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдүн суроо-талаптары боюнча берет:

1) соттун (судьянын);

2) прокуратура органдарынын;

3) алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын;

4) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын).

4. Расмий статистикалык эсепке алуу максатында жарандык абалдын актыларын жазуу органдары Кыргыз Республикасынын статистика органдарына туулгандыгы, никелешүү жана никесинин бузулгандыгы, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды билдирет.

12-берене. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын ырастоо үчүн берилген документтерди Кыргыз Республикасында жарактуу деп таануу

Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата тийиштүү чет мамлекеттердин мыйзамдары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жасалган жарандык абалдын актыларын ырастоо үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер алардын консулдук легалдаштыруусу же апостили бар болсо, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасында жарактуу деп таанылат.

2-глава. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо

13-берене. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат;

2) баланын ата-энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгү (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер);

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-эненин (же ата-энесинин биринин) балдарынын чет мамлекетте төрөлгөн фактысын тастыктоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк, реестрден көчүрмө, туулгандыгы жөнүндө сертификат жана башкалар);

4) белгиленген үлгүдөгү арыз.

2. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгондо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, баланы ушул аял төрөгөндүгүнүн фактысы аныкталгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Баланы боюнда көтөрүп берүү максатында башка аялга түйүлдүктү жалгаштырууга макулдугун беришкен жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо анын төрөлгөн фактысын тастыктоочу документ менен бирге медициналык уюм тарабынан берилген түйүлдүктү жалгаштыруу фактысын тастыктоочу документ кошо берилиши керек.

4. Баланын туулгандыгы тууралуу арыз бала төрөлгөн күндөн баштап бир айдан кечиктирилбестен берилиши керек.

5. Ата-энесинин (атасынын же энесинин) өздөрүнүн инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда, баланын төрөлгөн фактысын мамлекеттик каттоо туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө берүү менен туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул көчүрмө, ата-энесинин (атасы же энеси) инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөн учурга чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыз кылуучу документ менен теңдештирилет. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ата-энесинин (атасы же энеси) алардын инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөндө берилет. Баланын төрөлгөн фактысын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жүргүзүлөт.

6. Бир жашка чыккан же андан жогору жаш курагындагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же жакын тууганынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле бала он алты жашка толгондо, анын өзүнүн арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген зарыл документтерди тиркөө менен жүргүзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

8. Кыргыз Республикасынын айрым же бардык аймагында өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жана өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал алынгандан кийинки бир айдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

14-берене. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу

Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо менен бирге балага идентификациялык жеке номер ыйгарылат. Идентификациялык жеке номер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ыйгарылат.

Адамдарда идентификациялык жеке номерлери болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн арыз берүү, ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан мындай адамдарга идентификациялык жеке номерлер берилгенден кийин жүзөгө ашырылат.

15-берене. Туулгандыгын мамлекеттик каттоонун жери

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо арыз ээлеринин кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Туулгандыгы жөнүндө актыдагы жазууда медициналык документтин негизинде баланын иш жүзүндө туулган жери көрсөтүлөт.

3. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда бала кемеде, самолётто, поездде же башка транспорт каражатында төрөлсө, туулгандыгын мамлекеттик каттоо ата-энесинин (ата-энесинин биринин) эсепке алынып катталган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан же транспорт каражатынын каттамынын багыты боюнча кандай гана болбосун жакыныраак жерде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. Баланын туулган жери катары баланын туулгандыгы мамлекеттик каттоого алынган жер көрсөтүлөт.

4. Экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын каттоочу органы болбогон алыскы жерде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо баланын иш жүзүндө туулган жерине жакыныраак жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

16-берене. Баланын туулгандыгы тууралуу актысын жазууда ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүү

Баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр боюнча киргизилет:

1) баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча;

2) аталыкты аныктоодо никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;

3) энеси өлгөн, энеси эмгекке жараксыз деп таанылган, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар болбогон же ал энелик укуктарынан ажыратылган учурда атасынын арызы боюнча;

4) эгерде аталыгы аныкталбаса, энесинин арызы боюнча;

5) соттун чечими боюнча.

17-берене. Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын жазуу

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилияны берүүгө жол берилбейт.

2. Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет.

3. Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу болбогондо (ата-эненин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер сот тартибинде чечилет.

4. Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.

5. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана баланын атасы экендиги аныкталбаса, баланын аты - энесинин көрсөтүүсү боюнча, атасынын аты - энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча, же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат.

6. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын атын, фамилиясын, атасынын атын коёт.

7. Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

1) эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен же аларды кошпостон атасынын аты боюнча. Мындай учурларда баланын атасынын аты берилбейт;

2) "тегин" деген сөздү кошуу менен чоң атасынын аты боюнча, мында ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтер бар болсо, же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар сакталган болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилиясы берилиши мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт.

Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн.

18-берене. Табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо

Ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт, ал бала табылган күндөн тартып, жети күндөн кечиктирбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына кайрылууга милдеттүү.

19-берене. Өлүү төрөлгөн же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо

1. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече иштеген врач тарабынан берилген перинаталдык өлүмү жөнүндө медициналык күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.

2. Өлүү төрөлгөн баланын өлгөндүгүнө мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

Эгерде бала жашоосунун биринчи жумасында өлгөн учурда, анын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.

Жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече иштеген врач тарабынан берилген туулгандыгы жөнүндө жана перинаталдык өлүмү жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт.

3. Баланын өлүү төрөлгөндүгү жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу жарандык абалдын актыларын жазуу органына билдирүү милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) төрөт болуп өткөн же бала өлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине;

2) анын врачы баланын өлүү төрөлгөн фактысын же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын өлүмүнүн фактысын аныктаган саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине, же болбосо саламаттык сактоо уюмунан тышкары жердеги төрөт учурунда -жекече иштеген врачка.

4. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгы жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы же өлүмү жөнүндө билдирүү баланын өлүү төрөлгөндүгүнүн фактысы же баланын жашоосунун биринчи жумасында өлгөндүгүнүн фактысы аныкталган күндөн тартып, үч күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

3-глава. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо

20-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо үчүн негиз

Нике курагына толгон эркек менен аялдын биргелешкен арызында баяндалган ыктыярдуу эркин билдирүүсү никелешүүнү мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналат.

Никеге туруп жаткан адамдардын биринин: эркектин же аялдын биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никеге туруучу адамдын эркин билдирүүсү никелешүү жөнүндө өзүнчө арызы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Никеге туруп жаткан адамдын коюлган колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

21-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо жери

Никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдар кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

22-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо

1. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 12-статьясында13-статьясынын 1-бөлүгүндө, 14 жана 163-статьяларында каралган шарттар сакталганда жүргүзүлөт.

2. Нике никеге туруп жаткан адамдардын жеке катышуусунда, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен бекитилет. Никеге туруп жаткан адамдардын каалоосу боюнча, никелешүүнү мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органынын имаратынын ичинде, ошондой эле имараттан тышкары жерде салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн.

Өзгөчө жагдайлар (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч) болгондо нике арыз берилген күнү бекитилиши мүмкүн.

3. Эгерде никеге туруп жаткан адамдар (алардын бири) катуу оорудан, камакта болуудан же эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөдөн улам жарандык абалдын актыларын жазуу органына келе албаса, никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдардын катышуусунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги же никеге туруп жаткан адамдар тарабынан аныкталган үйдө, медициналык же башка уюмда, жайда жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 15-статьясында белгиленген никелешүүгө тоскоолдук кылуучу жагдайлар болгондо, никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

5. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жетекчиси никелешүүгө тоскоол болуучу жагдайлардын бар экендигин тастыктоочу далилдерге ээ болсо, никелешүүнү мамлекеттик каттоодон жазуу жүзүндө баш тартат.

Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никелешүүнү мамлекеттик каттоодон баш тартышы никеге турууну каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте жана андан ары сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

23-берене. Никелешүүнү мамлекеттик каттоодо жубайлардын фамилияларын жазуу

1. Никелешүүнү мамлекеттик каттоодо никелешүү тууралуу актыдагы жазууда жубайлардын тандоосу боюнча жубайлардын жалпы фамилиясы же жубайлардын ар биринин никеге чейинки фамилиясы жазылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, жубайлардын жалпы фамилиясы катарында жубайлардын биринин фамилиясы жазылышы мүмкүн же аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына кошуу аркылуу түзүлгөн фамилияны жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы дефис коюп жазуу менен бириктирилген экиден көп эмес фамилиядан турушу мүмкүн.

4-глава. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

24-берене. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызы;

2) жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө берген арызы жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;

3) никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

25-берене. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жери

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жубайлар (жубайлардын бири) кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

26-берене. Ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана мүлктүк талаш-тартыштары болбогондо жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

1. Никени бузууну каалаган жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызды жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жарандык абалдын актыларын жазуу органына берет. Жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызында никени бузуу өз ара макулдашылганын жана ортосунда жашы жете элек жаппы балдары жана мүлктүк талаштары жоктугун тастыктоого тийиш.

2. Эгерде никени бузууну каалаган жубайлардын биринин арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анын эркин билдирүүсү никени бузуу жөнүндө өзүнчө арызы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Жубайынын арыздагы коюлган колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Никени бузуу жубайлар никени бузуу жөнүндө биргелешкен арызды берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жубайлардын экөөнүн тең же алардын биринин катышуусунда жүргүзүлөт.

27-берене. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо

1. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт, эгерде жубайлардын экинчиси:

1) сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса;

2) сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса;

3) жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо.

2. Жубайлардын биринин арызы боюнча никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никени бузуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин анын катышуусунда жүргүзүлөт.

3. Никени бузуу жөнүндө арызды кабыл алган жарандык абалдын актыларын жазуу органы үч күндүк мөөнөттө жазаны өтөп жаткан жубайга, же болбосо эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусуна же дайынсыз жоголгон жубайдын мүлкүн башкаруучуга, ал эми алар жокто - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө никенин бузулгандыгын мамлекеттик катталгандыгы тууралуу кабарлайт.

28-берене. Никенин бузулгандыгы тууралуу соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тартиби

1. Соттун чечиминин негизинде никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо никеге туруунун мамлекеттик катталган жери боюнча, мурдагы жубайлардын (алардын биринин) эсепке алып катталган жери боюнча, же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусунун арызы боюнча, же болбосо соттун чечими чыгарылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз менен бир эле учурда никенин бузулгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көрсөтүлүүгө жана мурдагы жубайлардын (жубайлардын биринин) инсандыктарын ырастаган документтери көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Эгерде мурдагы жубайлардын бири никенин бузулгандыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органында каттоодон өткөргөн болсо, мурдагы жубайлардын экинчиси никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кайсынысына болбосун кайрылууга укуктуу. Кийинирээк кайрылган жубай жөнүндө маалыматтар никенин бузулгандыгы тууралуу актыдагы жүргүзүлгөн мурдагы жазууга киргизилет. Бул учурда жубайлардын экинчисинин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин көрсөтүүсү талап кылынбайт.

4. Мурдагы жубайлар (жубайлардын ар бири) же эмгекке жарамсыз жубайдын камкорчусу никенин бузулгандыгы мамлекеттик каттоо жөнүндө арызды башка адамдардын берүүсүнө жазуу жүзүндө ыйгарым укук бере алат.

5. Никени бузууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча жол берилет, анын негизинде никенин бузулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлөт. Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо боюнча кызыкчылыктарды билдирүүгө жана никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга ыйгарым укуктар ишеним катта атайын каралууга (айтылууга) тийиш.

29-берене. Нике бузулгандан кийин жубайлардын фамилияларды сактап калышы же өзгөртүшү

Никеге турганда өзүнүн фамилиясын башка фамилияга өзгөрткөн жубай нике бузулгандан кийин да ушул фамилияны сактап калууга укуктуу же никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо учурунда ага өз каалоосу боюнча никеге чейинки фамилиясы ыйгарылат.

5-глава. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо

30-берене. Атын өзгөртүү

1. Он алты жаш курагына толгон адам фамилиясы камтылган өзүнүн атын, атап айтканда, атын жана/же атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүп каттатууга жол берилбейт.

Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Атын өзгөртүү арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Он алты жаш курагына толо элек адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүсү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 64-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Ата-энесин дайынсыз жок деп таануу, аны ата-эненин укуктарынын ажыратуу, аны эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими көрсөтүлгөндө, ата-энесинин пикири эсепке алынууга тийиш эмес.

4. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жарандык абалдын актыларын жазуу органында жылына бирден көп эмес жолу мамлекеттик катталууга тийиш.

31-берене. Атын өзгөрткөнүн каттоого байланыштуу жарандык абалдын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизүү

Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актыдагы жазуунун негизинде атын өзгөрткөн адамга карата мурда жүргүзүлгөн жарандык абал актыларындагы жазууларга өзгөртүүлөр киргизилет жана фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк берилет. Мында фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү үчүн кайрылган адамга туулгандыгы тууралуу жаны күбөлүк берилбейт.

6-глава. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо

32-берене. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

1. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) өлгөндүгү тууралуу белгиленген үлгүдөгү, саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген медициналык маалымкат;

2) өлгөндүгү анык деп белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечими;

3) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ.

2. Өлгөндүгү жөнүндө төмөнкүлөр билдирүүгө милдеттүү:

1) өлгөн адамдын жубайы, башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өлгөн учурда жанында болгон же өлгөндүгү жөнүндө башкача түрдө кабардар болгон ар кандай башка адам;

2) медициналык уюм же калкты социалдык коргоо мекемеси - эгерде адам ушул уюмда же мекемеде жүргөн учурда өлүмгө учураса;

3) жаза аткаруу мекемеси - эгерде соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларында жазаны өтөп жаткан мезгилинде өлүмгө дуушар болгон учурда;

4) алгачкы текшерүү же тергөө органы - өлгөн адамдын инсандыгы аныкталбаган учурда, эгерде адамдын өлүмүнө байланыштуу же өлгөндүгүнүн фактысы боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан болсо;

5) аскердик бөлүктүн командири - эгерде адам аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса.

33-берене. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жери

1. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда кемеде, поездде, самолётто же башка транспорт каражатында өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо ошол өлгөн адам транспорттук каражаттан алып салынган аймактын чегинде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын жазуу органы болбогон алыскы жерде өлүмгө учураса, өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо ошол адам өлгөн жерге жакын жайгашкан жарандык абалдын актысын жазуу органы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Өлгөн адамдын өлүмүн каттаган жарандык абалдын актыларын жазуу органы туулгандыгы тууралуу актыдагы жазууларга өлгөндүгүн каттоо жөнүндө тийиштүү белгини коюусу үчүн туулгандыгы катталган жердеги жарандык абалдын актыларын каттоочу органга билдирүү жөнөтөт.

7-глава. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга ондоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

34-берене. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга ондоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер

1. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга ондоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо жана кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш жок болгондо жүргүзүлөт. Кызыкдар адамдардын ортосунда талаш-тартыш болгондо, жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

2. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) аталыкты белгилөө жөнүндө арыз:

а) баланын никеде турбаган атасынан жана энесинен;

б) бала төрөлгөн учурда баланын энеси менен никеде турбаган атанын арызы, энеси каза болгондо же энеси энелик укуктан ажыратылганда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен;

2) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген аталыкты аныктоо жөнүндө чечими;

3) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген асырап алуу жөнүндө чечими;

4) фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу актыдагы жазуулар;

5) соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими;

6) баланын атасы менен никеде турбаган энесинин баланын атасы жөнүндө маалыматтарды туулгандыгы тууралуу актыдагы жазууларга киргизүү, же болбосо аларды өзгөртүү же алып салуу жөнүндө арызы;

7) атасы же энеси (ата-энелери) атын өзгөрткөн учурда, он алты жашка чыккан адамдын туулгандыгы тууралуу актыдагы жазуулардагы атасы же энеси (ата-энеси) жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө ушул адамдын арызы;

8) өлгөндүгү белгисиз адамдын өлүмү катары катталган өлгөн адамдын инсандыгын аныктоо тууралуу алгачкы текшерүү же тергөө органы тарабынан берилген белгиленген формадагы документ;

9) негизсиз репрессияланган жана кийин "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы тууралуу белгиленген формадагы документ - эгерде өлгөндүгү мурда катталган болсо;

10) ушул Мыйзамдын 35-беренесинде каралган учурларда, жарандык абалдын актысындагы жазууларга оңдоо же өзгөртүү киргизүү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын корутундусу.

3. Баланы асырап алгандыгына жана аталык аныкталгандыгына байланыштуу туулгандыгы тууралуу актыдагы жазууларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө туулгандыгы тууралуу жаны күбөлүк берилет.

4. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлери асырап алуучулардын (асырап алуучунун) макулдугусуз, асырап алуу жөнүндө кандайдыр бир маалыматты айтууга жана мазмунунда асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алынган баланын ата-энеси (ата-энесинин бири) эмес экендиги көрсөтүлгөн документтерди берүүгө укуксуз.

5. Аскерге милдеттүүлөр жана аскерге чакырылгандар фамилиясын, атын жана атасынын атын, туулган күнү менен жерин өзгөрткөндө, ошондой эле аскерге милдеттүүнүн же аскерге чакырылгандын өлгөндүгү катталганда, үч күндүк мөөнөт ичинде райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына тийиштүү өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты жиберүүгө милдеттүү.

6. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

35-берене. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоо же өзгөртүү киргизүүсү жөнүндө корутундусу

Жарандык абалдын актыларын каттоо органы тарабынан жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоо же өзгөртүү киргизүү жөнүндө корутунду төмөнкүдөй учурларда түзүлөт:

1) эгерде жарандык абалдын актыларын жазууда туура эмес же толук эмес маалыматтар көрсөтүлсө, ошондой эле орфографиялык ката кетирилсе;

2) эгерде жарандык абалдын актыларын жазуу Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди эске албастан жүргүзүлсө.

8-глава. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) сактоо тартиби жана мөөнөттөрү

36-берене. Жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) сактоо жайы

1. Жарандык абалдын актылары жазылган кагаз түрүндөгү нускалардан чогултулган, жип өткөрүлүп көктөлгөн, номер коюлган жана мөөр менен бекитилген жарандык абалдын актыларына жүргүзүлгөн жазуулар (акт китептери) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органында сакталат.

2. Номер коюлган жана мөөр менен бекитилген, "ЖААЖ" АМСда түзүлгөн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун электрондук базасы, ошондой эле жарандык абалдын актыларын жазуу органдары түзүлгөнгө же калыбына келтирилгенге чейин түзүлгөн метрикалык китептер, ошондой эле "ЖААЖ" АМС киргизилгенге чейин жүргүзүлгөн жарандык абалдын актылары жазылган архивдик китептер анын компетенциясына жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу кирген жарандык абалдын актыларын жазуу органында сакталат.

3. Жарандык абалдын актылары жазылган кагаз нускалардан чогултулган, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлгөн жарандык абалдын актысынын жазуулары бир ай өткөндөн кийин ушул актыларды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп саналган документтер менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандык абалдын актыларын жазуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн тиешелүү бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте сактоого өткөрүлүп берилет.

4. Жарандык абалдын актыларын жазуу органы жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акт китептерин) жана жарандык абалдын актыларынын электрондук жазууларын сактоонун талаптагыдай шарттарын түзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылат.

37-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептерин (акты китептерин) сактоо мөөнөттөрү

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери (акты китептери) жана электрондук жазуулар жарандык абалдын актыларына жазуу жүргүзүлгөн күндөн тартып жүз жыл бою жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталат.

2. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары аларды жүз жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кагаз жана электрондук түрдө чогултулган метрикалык китептерди мамлекеттик архивдерге өткөрүп берет.

9-глава. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү жана жок кылуу

38-берене. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү

1. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү арыз ээсинин кайрылган жери боюнча, соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын аныктоо жөнүндө сотко кайрылуу үчүн негиз болуп аймагында жарандык абалдын актыларына мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи жана экинчи нускаларынын жоктугу жөнүндөгү билдирүүсү саналат.

39-берене. Жарандык абалдын актыларындагы жазууларды жок кылуу

Жарандык абалдын актыларындагы жазууларды жок кылуу соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларындагы жазуулар сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

10-глава. Корутунду жоболор

40-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги

1. Жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоодо жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызматкерлеринин күнөөсүнөн улам Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын укуктары бузулса, көрсөтүлгөн адамдарга карата мыйзамсыз чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу зыян келтирилсе, алар Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоого берген маалыматтарынын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана жарандык-укуктук жоопкерчилигин тартат.

41-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-августундагы № 62 (3134) жарыяланды

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 60 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-жыл, № 7, 501-ст.);

2) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 4-августундагы № 147 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жыл, 18-август, № 61);

3) "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 148 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-8-9, 717-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2725-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 16-январындагы № 12 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 12-ст.);

6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын 12-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 977-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 850-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 6, 343-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөт ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков

Партнеры