Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 02/05/2017

Чет өлкөдөгү мекемелерде жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

- чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан толтурулуучу  анкета-арыз;

- кагазда толтурулган анкета-арызды тариздөө үчүн бетинин сүрөттөлүшү даана чыгарылган, ак фондогу, жалтырак кагаздагы, өлчөмү 4x6 см болгон 2 түстүү фотосүрөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алымды төлөшпөйт).

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкүдөй документтер берилет:

16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурда:

- 16 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

- 16 жашка чыга элек адамдын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана колу коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби баяндалат).

Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болсо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, апостиль коюлган же легалдаштырылган макулдугун берүү зарыл, эгерде бул жол-жобо Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен каралса;

16 жашка чыккан адам кайрылганда:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:

а) визалык белгилер үчүн беттери бүткөнүнө байланыштуу,  колдонуу мөөнөтү аяктаганда:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

б) жеке маалыматтар өзгөргөндүгүнө байланыштуу же жалпы жарандык паспортко туура эмес жазуулардын киргизилгендиги аныкталса:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк, никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк, аялынын (күйөөсүнүн) өлгөнү тууралуу күбөлүк;

в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:

- бузулган, алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө ведомстволук бөлүнүшкө суроо-талап жиберет;

арыз ээсинин каалоосу менен же визалык беттери бүткөнүнө жана мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасынын болгондугуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда:

- жалпы жарандык паспорт;

жалпы жарандык паспорт жоголуп кеткенде:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо мүмкүн болбогондо чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө ведомстволук бөлүнүшкө суроо-талап жиберет.

Чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан таризделген анкета-арыз жана жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу квитанциялар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет.

Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган чет өлкөдөгү мекемеден келген анкета-арызды жана жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу квитанцияларды фельдъегердик байланыш аркылуу ведомстволук бөлүнүшкө жиберет. Ведомстволук бөлүнүш жалпы жарандык паспортту даярдайт жана даярдалган жалпы жарандык паспортту 5 иш күндүн ичинде фельдъегердик байланыш аркылуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет.

Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мурда берилген анкета-арыздар боюнча даярдалган жалпы жарандык паспортторду дипломаттык почта аркылуу чет өлкөдөгү мекемелерге жиберет.

Жаңы жалпы жарандык паспортту алганда жалпы жарандык паспорт жарандан алып коюлат, экинчи жалпы жарандык паспортту тариздеген учурдан тышкары.

Кагазда толтурулган, бузулган анкета-арыздар чет өлкөдөгү мекемелер тарабынан аларды жок кылуу үчүн опись боюнча ведомстволук бөлүнүшкө жиберүү үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга (аталган анкета-арыздын бланкы үчүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанция менен) жөнөтүлөт.

Эгерде жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу тууралуу билдирген жаран аны таап алса, анда чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери жарандын каалоосу боюнча же паспортту даярдоону токтотуу үчүн ыйгарым укуктуу органга маалымдайт же болбосо табылган паспортту жарандан алып коёт.

Документтерди кабыл алган чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери берилген документтерде оңдоолорду жана жасалма белгилерин билип калса, бир күндүк мөөнөттө бул тууралуу чет өлкөдөгү мекеменин жетекчилигине билдирет, 3 нускада акт түзөт, алардын бири тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берүү үчүн жөнөтүлөт, экинчи нускасы чет өлкөдөгү мекемеде эки жылга чейин сакталат, үчүнчүсү – документтин ээсине берилет.

Эгерде жаран көрсөтүлгөн мөөнөттө жалпы жарандык паспортту алуу үчүн чет өлкөдөгү мекемеге келбесе, чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери жарандын келбей калуусунун  себебин аныктайт же ага жазуу жүзүндө билдирме жөнөтөт. Бул иш-аракеттер милдеттүү түрдө актыланат. Жарандын келбегенинен 6 ай өткөндөн кийин чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери тийиштүү актыны тиркөө менен жалпы жарандык паспортту тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бул жалпы жарандык паспортту андан ары 3 жылга чейин сактоо үчүн ведомстволук бөлүнүшкө жиберет.

Аталган мөөнөт аяктагандан кийин талап кылынбаган жалпы жарандык паспорттор жок кылынат.

 

Партнеры