Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 01/03/2018

Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)  - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган маалыматтары бар жана электрондук түрдөгү, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ.

Идентификациялык карта Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына 16 жашка чыкканда, белгиленген форма боюнча арыз берилгенде он жыл колдонуу мөөнөтү менен берилет.

Картанын негизги параметрлери:

  • электрондук чиби (контакттагы жана контактсыз);
  • жогорку сапаттуу поликарбонаттан жасалган;
  • коргоонун заманбап элементтери;
  • жашаган жерди алмаштыруу жана үй-бүлөлүк абалын өзгөртүү учурунда картаны алмаштыруунун зарылдыгы жок;
  • электрондук санариптик колтамгасынын бар болушу;
  • манжаларынын тактарынын, этникалык тиешелүүлүгүнүн (арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча) чипте бар болушу;
  • көзү азиз жарандар үчүн атайын Брайль шрифти бар.

Жаңы ID-картага чипти киргизүү чипте анын ээси тууралуу бардык зарыл болгон жеке маалыматтарды топтоштурууга, анын эсебинен бошогон орундарга инновациялык технологияларды колдонуу менен кошумча коргоо элементтерин жайгаштырууга мүмкүндүк берди. Алар документти жасалмалоодон коргоого жана картанын үстүңкү бетинде үстүртөн оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Бул, сапаты боюнча сыяктуу эле, корголушу боюнча дагы толугу менен мамлекеттик кызыкчылыктарга жооп бере турган жана аларды тыштан боло турган бардык терс таасирлерден коргоого багытталган бардык эл аралык стандарттарга шайкеш келе турган документтер болушат.

Маанилүү жана ыңгайлуу артыкчылыктарынын бири болуп, үй-бүлөлүк абалынын макамын, жарандын улутун жана дарегин өзгөртүү учурунда, өзгөртүүлөр еID-картанын чибине киргизиле тургандыгы эсептелет, алар паспорттун бланкынын өзүн алмаштырууну талап кылышпайт, бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын аракеттеги паспорттору үчүн милдеттүү болуп саналат.

Партнеры