Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 11/11/2020

Туулгандыгын мамлекеттик каттоо

Туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиздер

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат;

2) баланын ата-энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгү (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер);

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-эненин (же ата-энесинин биринин) балдарынын чет мамлекетте төрөлгөн фактысын тастыктоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк, реестрден көчүрмө, туулгандыгы жөнүндө сертификат жана башкалар);

4) белгиленген үлгүдөгү арыз.

2. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгондо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, баланы ушул аял төрөгөндүгүнүн фактысы аныкталгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

3. Баланы боюнда көтөрүп берүү максатында башка аялга түйүлдүктү жалгаштырууга макулдугун беришкен жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо анын төрөлгөн фактысын тастыктоочу документ менен бирге медициналык уюм тарабынан берилген түйүлдүктү жалгаштыруу фактысын тастыктоочу документ кошо берилиши керек.

4. Баланын туулгандыгы тууралуу арыз бала төрөлгөн күндөн баштап бир айдан кечиктирилбестен берилиши керек.

5. Ата-энесинин (атасынын же энесинин) өздөрүнүн инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда, баланын төрөлгөн фактысын мамлекеттик каттоо туулгандыгы тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө берүү менен туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул көчүрмө, ата-энесинин (атасы же энеси) инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөн учурга чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыз кылуучу документ менен теңдештирилет. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ата-энесинин (атасы же энеси) алардын инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөндө берилет. Баланын төрөлгөн фактысын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жүргүзүлөт.

6. Бир жашка чыккан же андан жогору жаш курагындагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же жакын тууганынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле бала он алты жашка толгондо, анын өзүнүн арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген зарыл документтерди тиркөө менен жүргүзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

8. Кыргыз Республикасынын айрым же бардык аймагында өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жана өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал алынгандан кийинки бир айдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу

Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо менен бирге балага идентификациялык жеке номер ыйгарылат. Идентификациялык жеке номер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ыйгарылат.

Адамдарда идентификациялык жеке номерлери болбогон учурда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн арыз берүү, ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан мындай адамдарга идентификациялык жеке номерлер берилгенден кийин жүзөгө ашырылат.

Туулгандыгын мамлекеттик каттоонун жери

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо арыз ээлеринин кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Туулгандыгы жөнүндө актыдагы жазууда медициналык документтин негизинде баланын иш жүзүндө туулган жери көрсөтүлөт.

3. Эгерде жол жүрүп бараткан учурда бала кемеде, самолётто, поездде же башка транспорт каражатында төрөлсө, туулгандыгын мамлекеттик каттоо ата-энесинин (ата-энесинин биринин) эсепке алынып катталган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан же транспорт каражатынын каттамынын багыты боюнча кандай гана болбосун жакыныраак жерде жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. Баланын туулган жери катары баланын туулгандыгы мамлекеттик каттоого алынган жер көрсөтүлөт.

4. Экспедицияда, илимий станцияда же жарандык абалдын актыларын каттоочу органы болбогон алыскы жерде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо баланын иш жүзүндө туулган жерине жакыныраак жайгашкан жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Баланын туулгандыгы тууралуу актысын жазууда ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүү

Баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөр боюнча киргизилет:

1) баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча;

2) аталыкты аныктоодо никеде турбаган атасынын жана энесинин биргелешкен арызы боюнча;

3) энеси өлгөн, энеси эмгекке жараксыз деп таанылган, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматтар болбогон же ал энелик укуктарынан ажыратылган учурда атасынын арызы боюнча;

4) эгерде аталыгы аныкталбаса, энесинин арызы боюнча;

5) соттун чечими боюнча.

Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын жазуу

1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилияны берүүгө жол берилбейт.

2. Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет.

3. Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу болбогондо (ата-эненин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер сот тартибинде чечилет.

4. Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат.

5. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана баланын атасы экендиги аныкталбаса, баланын аты - энесинин көрсөтүүсү боюнча, атасынын аты - энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча, же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат.

6. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын атын, фамилиясын, атасынын атын коёт.

7. Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн:

1) эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деп кошуу менен же аларды кошпостон атасынын аты боюнча. Мындай учурларда баланын атасынын аты берилбейт;

2) "тегин" деген сөздү кошуу менен чоң атасынын аты боюнча, мында ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтер бар болсо, же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар сакталган болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилиясы берилиши мүмкүн.

Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт.

Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн.

Табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо

Ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт, ал бала табылган күндөн тартып, жети күндөн кечиктирбестен жарандык абалдын актыларын жазуу органына кайрылууга милдеттүү.

 Өлүү төрөлгөн же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо

1. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече иштеген врач тарабынан берилген перинаталдык өлүмү жөнүндө медициналык күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.

2. Өлүү төрөлгөн баланын өлгөндүгүнө мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.

Эгерде бала жашоосунун биринчи жумасында өлгөн учурда, анын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.

Жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу мамлекеттик каттоо саламаттык сактоо уюму же жекече иштеген врач тарабынан берилген туулгандыгы жөнүндө жана перинаталдык өлүмү жөнүндө белгиленген формадагы документтердин негизинде жүргүзүлөт.

3. Баланын өлүү төрөлгөндүгү жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу жарандык абалдын актыларын жазуу органына билдирүү милдети төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) төрөт болуп өткөн же бала өлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине;

2) анын врачы баланын өлүү төрөлгөн фактысын же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын өлүмүнүн фактысын аныктаган саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине, же болбосо саламаттык сактоо уюмунан тышкары жердеги төрөт учурунда -жекече иштеген врачка.

4. Өлүү төрөлгөн баланын туулгандыгы жөнүндө же жашоосунун биринчи жумасында өлгөн баланын туулгандыгы же өлүмү жөнүндө билдирүү баланын өлүү төрөлгөндүгүнүн фактысы же баланын жашоосунун биринчи жумасында өлгөндүгүнүн фактысы аныкталган күндөн тартып, үч күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

Партнеры