Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү жана жок кылуу
Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү
1. Жарандык абалдын актыларынын жазууларын калыбына келтирүү арыз ээсинин кайрылган жери боюнча, соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо фактысын аныктоо жөнүндө сотко кайрылуу үчүн негиз болуп аймагында жарандык абалдын актыларына мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органынын жарандык абалдын актысын жазуунун биринчи жана экинчи нускаларынын жоктугу жөнүндөгү билдирүүсү саналат.
Жарандык абалдын актыларындагы жазууларды жок кылуу
Жарандык абалдын актыларындагы жазууларды жок кылуу соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген чечиминин негизинде жарандык абалдын актыларындагы жазуулар сакталган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.