Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 19/01/2021

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 5302019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатында иштөөчү, ыйгарым укуктуу мекеме болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) ишин регламенттейт.

Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекеттик мекеменин уюштуруу документи болуп Жобо эсептелет.

3. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

4. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:

мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси";

расмий тилде: "Государственное учреждение "Унаа" при Государственной регистрационной службе при Правительстве Кыргызской Республики".

Кыскартылган фирмалык аталышы:

мамлекеттик тилде: "Унаа" ММ";

расмий тилде: "ГУ "Унаа".

5. Мамлекеттик мекеме өз алдынча юридикалык жак, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар.

6. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш эсептерин белгиленген тартипте ачууга укуктуу.

7. "Унаа" ММнын уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме.

"Унаа" ММ өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Мамлекеттик мекеме чарбалык келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана жеке укуктарга ээ болууга, милдеттерди алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттордо доогер жана жоопкер болууга укуктуу.

9. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 1Б.

2. Мамлекеттик мекеменин максаты

10. Мамлекеттик мекеменин максаты - транспорт каражаттарын, транспорт каражаттарына болгон укуктарды, чектөөлөрдү жана айдоочулардын курамын каттоону камсыздоо.

3. Мамлекеттик мекеменин милдеттери

11. Мамлекеттик мекеменин негизги милдеттери төмөнкүлөр:

- транспорт каражаттарын, транспорт каражаттарына болгон укуктарды, чектөөлөрдү жана айдоочулардын курамын каттоо системасын уюштуруу;

- мамлекеттик мекеменин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;

- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) кароосуна киргизүү;

- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү каттоо органдарынын ишин зарыл болгон методикалык жардам берүү менен координациялоо жана контролдоо;

- мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу;

- жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарга жетүү укуктарын жүзөгө ашырууну камсыздоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтардын корголушун камсыздоо.

4. Мамлекеттик мекеменин функциялары

12. Мамлекеттик мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде жана ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

а) тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү функцияларын:

- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кызматтын кароосуна киргизет;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды Кызматтын кароосуна киргизет;

- эл аралык практиканы эске алуу менен транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулардын курамын даярдоо жана квалификациялоо, документтештирүү жана эсепке алуу системасын изилдейт жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;

- Кызматка сунуштарды киргизүү жолу менен мамлекеттик маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга катышат;

б) юридикалык жана жеке жактарга кызматтарды көрсөтүү функцияларын:

- транспорт каражаттарын каттоону, кайра каттоону жүргүзөт, каттоо документтерин берет, транспорт каражаттарынын номердик түйүндөрүн жана агрегаттарын карайт, аларды эсепке алуу маалыматтарына салыштырып текшерет, кайра жабдылган, түйүндөрдөн жана агрегаттардан чогултулган машиналарды жана жабдууларды техникалык күбөлөндүрөт;

- айдоочулук күбөлүктү жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн алуу үчүн квалификациялык сынактарды кабыл алууга жана өткөрүүгө адамдарга уруксат берет;

- транспорт каражаттарын эсептен чыгарат жана жараксыздыкка чыгарат;

- Кыргыз Республикасынын эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарын, транспорт каражаттарынын каттоо документтерин, мамлекеттик каттоо белгилерин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукцияларды жекелештирет;

- транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жыйымдарды алат;

- айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн алууга талапкерлерди эсепке алат;

- квалификациялык сынактарды тапшырган адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берет жана алмаштырат;

- транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилерин сатууну, берүүнү жана алмаштырууну камсыздайт;

в) колдоо функцияларын:

- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздугун камсыздайт;

- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча айдоочуларды даярдоо, кайра даярдоо программаларын иштеп чыгууга катышат;

- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарынын, транспорт каражаттарынын каттоо документтеринин, мамлекеттик каттоо белгилеринин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукциялардын үлгүлөрүн жана техникалык спецификацияларын иштеп чыгууга катышат;

- эгер суралган маалыматтар органдын компетенциясына жана ыйгарым укуктарына тиешелүү болсо, катталган транспорт каражаттары жана алардын ээлери жөнүндө, айдоочулук күбөлүк алган адамдар жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;

- Кызматка сунуштарды киргизүү жолу менен мамлекеттик мекеменин компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгууга катышат;

- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын карайт;

- Кызмат менен макулдашып, мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;

- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарын, каттоо документтерин, транспорт каражаттарына мамлекеттик каттоо белгилерин жана транспорт каражаттарына жана айдоочуларга жол кыймылына катышууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон башка атайын продукцияларды эсепке алат;

- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөрүүлөрү тууралуу жарандарга маалымат берет;

- транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо жаатындагы мамлекеттик жана максаттуу программалардын аткарылышы боюнча мамлекеттик мекеменин жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн ишин контролдойт, мониторинг жүргүзөт жана баалайт;

- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышат;

- катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын маалымат базасын түзөт;

- транспорт каражаттарына болгон чектөөлөрдү белгиленген тартипте эсепке алат;

г) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 5302019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Мамлекеттик мекеменин укуктары жана милдеттери

13. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;

- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте сурап алууга;

- коопсуздуктун, пайдалануунун жана жол кыймылына катышуунун белгиленген талаптарына шайкеш келбеген, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлери же мамлекеттик каттоо белгилери жашыруун, жасалма, өзгөртүлгөн транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди берүүдөн жана каттоодон баш тартууга;

- юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинен негизги каражаттарды сатып алууга;

- башка юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинен накталай эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;

- өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттенмелерди сатып алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;

- уюштуруу-укуктук формасына карабастан, юридикалык жактар менен, ошондой эле жеке жактар менен өз алдынча келишимдерди түзүүгө;

- кызматкерлерге кеңеш берүү, окутуу жана мамлекеттик мекеменин функцияларын аткаруу үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;

- мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин иш сапарларына, анын ичинде чет мамлекеттерге, эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө жиберүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн иштерди аткаруу үчүн жарандарды белгиленген тартипте ишке тартууга;

- коомдук байланыш борборлорун жана колл-борборлорду түзүүгө;

- оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктү сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;

- жарнама берүүгө.

14. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн тартиби, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.

15. Мамлекеттик мекеме ижарага берүүнү жана ижарачы боло алат. Мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага берилет.

16. Мамлекеттик мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:

- оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;

- бардык кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоо жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;

- өзүнүн милдеттенмелерин түзүлгөн келишимге ылайык аткарууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызматкерлер менен толук эсептешүүгө;

- мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыздоого;

- салыктарды төлөө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө салыктык отчетторду берүү.

17. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырларды сактоого, анын ичинен мамлекеттик мекемеде иштөөнү токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин аралыгында сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке жашоосун, ар-намысын козгогон маалыматтарды жашыруун сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого милдеттүү.

Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери эмгек мыйзамдарын жана укук ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 446-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.

"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине алардын укуктук статусу менен шартталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.

6. Мамлекеттик мекеменин ишин уюштуруу

18. Мамлекеттик мекемени Кызматтын төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.

19. Мамлекеттик мекеменин директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

20. Мамлекеттик мекемеде директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Мамлекеттик мекеменин директорунун орун басарлары мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

21. Мамлекеттик мекеменин кызматчылары Кызматтын төрагасы бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

22. Мамлекеттик мекеменин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын Кызматтын төрагасы бекитет.

23. Директордун, директордун орун басарларынын функциялык милдеттерин Кызматтын төрагасы аныктайт.

24. Мамлекеттик мекеменин директору:

- мамлекеттик мекемени башкарат жана мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат;

- мамлекеттик мекеменин атынан ишеним катсыз иш-аракеттерди жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде мамлекеттик мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;

- мамлекеттик мекеменин иш пландарын, кирешелер жана чыгымдар сметасын, эмгек акы төлөө системасынын формасын, кызматкерлердин функциялык милдеттерин бекитет;

- Кызмат менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;

- мамлекеттик мекеменин бардык кызматчылары үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;

- Кызматтын төрагасы бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык мамлекеттик мекеменин кызматчыларын жумушка алат жана бошотот;

- мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын көрөт;

- үстөк төлөмдөрдү белгилейт, кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;

- мамлекеттик мекеменин жергиликтүү каттоо бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, ички иш тартибин бекитет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик мекеменин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

7. Эсепке алуу, пландоо, отчет берүү

25. Мамлекеттик мекеме өзүнүн ишинин натыйжаларын бухгалтердик эсепке алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте статистикалык отчетторду жүргүзөт.

26. Мамлекеттик мекеменин ишин Кызмат контролдойт.

27. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик мекеменин карамагында турган каражаттардын эсебинен ички аудит жүргүзөт.

8. Мамлекеттик мекеменин мүлкү

28. Мамлекеттик мекеме оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн.

Мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатылат жана сатып алынат.

29. Кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мамлекеттик мекеменин балансына берилген башка мүлктү оперативдүү башкаруу укугу мүлктү пайдаланууга негиз болот.

30. Мамлекеттик мекеменин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле мамлекеттик мекеменин өз алдынча балансында баасы көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.

31. Мамлекеттик мекеменин мүлкүн төмөнкүдөй булактар түзөт:

- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер;

- гранттар;

- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.

9. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу

32. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

33. Мамлекеттик мекеменин иши токтотулган учурда анын иш-аракеттеринин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

 

Партнеры