Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 26/11/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлөөгө

ички жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт:

 

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

 

  1. Нарын районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы;
  2. Жумгал районунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы.

 

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык система жөнүндө жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө.

Ыктуулугу:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүнүштөрдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларын талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келе турган көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл ыкмаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүнүштүн ишин эффективдүү пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара байланыш.
    •  

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүнүштөрдү башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, кол алдындагыларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруучу чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, коомдун алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алыша билүү”;

  •  
  •  

- жумуш убактысын сарамжалдуу пайдалануу;

  • компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продукттар менен иштей билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даража же окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
  • сунуштама каттар  (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди   2018-жылдын 3-декабрына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө  чейин, КРӨ МККнын адам өнүктүрүү бөлүмүнө, № 208 бөлмөгө берүү керек, телефону: 30-10-98.

Партнеры