Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 18/06/2019

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН АЛДЫНДАГЫ КАЛКТЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТОО ДЕПАРТАМЕНТИ

 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

квалификациялык талаптар  

 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

 

Башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

1. Билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси;

-   мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү.

- компьютердик жана уюштуруу техникасы, зарыл программалык продуктулар менен иштей билүү.

 

Кичи административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.

- мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.

 

Кочкор райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси

С-Б (1 шт. бирдик)

  1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция; экономика; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; филология багыттары боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

       - «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө»; «Тышкы миграция жөнүндө»; «Ички миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

            -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо.

                - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;

                - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо.

       Ыктуулугу:

- маалыматты чогултуу, талдоо, иреттөө жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландоо жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.   

     

Майлуу-Суу шаарынын жана Ноокен райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн адиси М-Б (1 шт. бирдик)

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажы талап кылынбайт;

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, “Балдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодекси;

- “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.

            Ыктуулугу:

            - жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

            - документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

            - тийиштүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;

            - кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

            -министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо;

            - ЧУАга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

            - жарандардын жана түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрдүн кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду, корутундуларды даярдоо.

  • :

-

- ишти пландоо;

-

-

             - маалыматтар базасы менен иштөө;

- презентацияларды даярдоо;

            - кызмат убактысын үнөмдүү пайдалануу;

            - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.  

     

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлүндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын же илимий наамды ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге конкурска катышууга жол берилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2019-жылдын 18-июнунан 1-июлуна чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнө тапшыруу зарыл, дареги: Бишкек ш., Киев көчөсү, № 6 иш бөлмөсү, телефон: (0312) 43-46-76.

 

Толук маалымат www.grs.gov.kg, www.mkk.gov.kg сайттарында жайгаштырылган.

 

 

 

Партнеры