Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 01/12/2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы

КАЛКТЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АБАЛДЫН АКТЫЛАРЫН КАТТОО ДЕПАРТАМЕНТИ

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

 

Кичи административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн:

Билүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү, анын ичинен төмөнкүлөрдү билүү:

- тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

- издөө системаларын колдонуу;

- кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндөгү маалыматтарды берүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонуу;

- веб-конференц-байланышты уюштуруу тиркемелерин колдонуу;

- видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу;

- вируска каршы программаларды колдонуу;

- шифрлөө аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;

- логин жана пароль коюу;

- компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

 

Борбордук аппарат

 

Маалыматтык иштер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (М- А) 1 бирдик

1) Кесиптик билим деңгээли:

- юриспруденция; экономика; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча жогорку билим.

            2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт.

3) Кесиптик компетенцииялары

Билүү:

- “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, «Ички миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

       - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо.

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо.

       Ыктуулугу:

- жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде колдонуу;

            - кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

            - жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо;

            - мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

            - командада иштөө.

           

            Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.

Функционалдык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- мекемелердин жана уюмдардын каттарына, суроо-талаптарына, ошондой эле паспортторду даярдоо жана жекелештирүү маселелери боюнча жарандардын арыздарына жана даттанууларына жооптун долбоорлорун даярдайт;

- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча почта байланыш кызматы аркылуу дарекке жеткирилүүгө тийиш улуттук паспортторду жөнөтүүнү ишке ашырат;

- Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнөн түшкөн, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча дарекке жеткирилүүгө тийиш жекелештирилген улуттук паспорттордун эсебин жүргүзөт;

- “АМС” программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-2006-2017-жылдардын үлгүсүндөгү улуттук паспортторуна талдоо жүргүзөт;

- алынган паспорттор жөнүндө маалыматтарды берүү маселелери боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарынан түшкөн суроо-талаптарды аткарат (№1 форма жана анкета-арыз); 

- паспорт алуу маселеси боюнча жарандардын арызын жана кайрылуусун карайт;  

- бөлүмдөрдүн иши тууралуу ай сайын (кварталдык, жарым жылдык, жылдык) отчетторду даярдоого катышат;

- иш тартибинин эрежелерин, кызматтык маалыматтын купуялуулугун, кызматтык коопсуздук этикасын сактоо ченемдерин жана өрткө каршы коопсуздук чараларын сактайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

- башкы адис болбогондо, анын ордун алмаштырат.

 

Аймактык бөлүм

 

Манас райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси (М-Б) 1 бирд.

            1) Кесиптик билим деңгээли:

            - гуманитардык илимдер; экономика жана башкаруу, маалыматтык технологиялар багыттары боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

            - иш стажына талаптар коюлбайт.

3) Кесиптик компетенциялары:

Билүү:

            - “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри (тизмеги);

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо.

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо;

            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо.

            Ыктуулугу:

- жогоруда турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

            - тийиштүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык ишинде колдонуу;

            - кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;         

            - кат-кабарларды системалаштыруу, иш кагаздарын жүргүзүү.

Көндүмдөрү:

- ишти пландоо;

- натыйжалуу угуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- маалыматтар базасы менен иштөө;

 - презентацияларды даярдоо;

- кызмат убактысын үнөмдүү пайдалануу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык продуктуларды билүү.

                       

Функционалдык милдеттери:

            - “ЖААЖ”, “Паспорт”, “ДМБ”, “Чет өлкөлүктөрдү каттоо”, “Жарандык” автоматташтырылган маалыматтык системалары (АМС) аркылуу иш жүргүзөт жана жарандык абалдын актыларын каттоо, жарандарды паспорттоштуруу жана каттоо маселелери боюнча жарандарга консультация берет;

            - ИЖНди ыйгаруу жана берүү боюнча иш жүргүзөт жана жеке жоопкерчилик тартат;

            - ЭСКны колдонуу жана сактоо үчүн жоопкерчилик тартат;

            - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы аркылуу түшкөн арыздар менен иштейт жана жеке жоопкерчилик тартат;

            - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууну камсыздоого катышат;

            - ведомстволук жана мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту, бөлүмдүн иши боюнча маалымкаттарды белгиленген тартипте жана белгиленген мөөнөттө берүүнү ишке ашырат;

            - бөлүмдүн иш маселелери боюнча укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын суроо-талаптарына, ошондой эле жарандардын арыздарына, даттанууларына жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жоопторду даярдоону ишке ашырат;

            - никелешүүнү салтанаттуу каттоону, туулгандыгын мамлекеттик каттоону жүргүзөт;

            - “ЖААЖ”, “Паспорт”, “ДМБ”, “Чет өлкөлүктөрдү каттоо”, “Жарандык” АМС системаларына жеке маалыматтарды киргизет жана алардын туура жана так киргизилишине жоопкерчилик тартат;

            - Департаменттин финансы-экономикалык бөлүмүнө герби бар жана жөнөкөй бланктарды чыгымдоо отчетун, мамлекеттик алым боюнча отчетту, ошондой эле финансылык отчетту берет;

            - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөттөрүнөн) жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо, так отчеттуулук бланктарын, жөнөкөй бланктык продукцияларды чыгымдоо жөнүндө ай сайын отчетту жана финансылык отчетту кабыл алат;

            - өзүнүн милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо боюнча чара көрөт;

            - кириш жана чыгыш кат-кабарларды каттоо боюнча иш жүргүзөт жана “зимбра” корпоративдик почтасына түшкөн кириш билдирүүлөрдү күн сайын карайт;

            - жарандык абалдын актысын жазууга киргизилген оңдоолор же өзгөртүүлөр жөнүндө тийиштүү жарандык абалдын актысын жазуунун экинчиси нускасы сакталган жер боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органына, ошол эле убакта ички иштер органына жана арыз ээсинин жашаган жери боюнча аскер комиссариатына ушундай оңдоо жана өзгөртүү киргизилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө билдирет;

            - бөлүмдүн кызматкери болбогон учурда (ооруп калганда, өргүүдө), бөлүмдүн жетекчисинин аныктамасы боюнча анын функционалдык милдеттерин аткарат.

            - бөлүмдүн жетекчиси тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат;

            - архив фондусунун жана колдонулган жабдуулардын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

            - бөлүмдө өрт коопсуздугуна жоопкерчилик тартат.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

 

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, фотосүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- зарыл кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификацясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража же илимий наам ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү).

 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.

 

Көктөмөгө тиркелген документтерди 2020-жылдын 1-декабрынан 14-декабрына чейинки мөөнөттө, саат 18:00гө чейин Бишкек ш., Киев көч., 58 дареги боюнча КРӨ МКК КЖААКДнын адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнө тапшыруу зарыл, 5-иш бөлмөсү, телефон: 66-14-17.

 

 

 

Партнеры