Телефоны доверия
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Опубликовано 30/01/2015

Билүү зарыл:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

“Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Маалымат алууга кепилдиктер жана эркиндик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин этикасынын негиздери жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобо;

Кыргыз Республикасында башкарууну документтик камсыздоо боюнча (иш кагаздарын жүргүзүү) Типтүү нускама;

Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

Колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук;

Демилгелүүлүк, командада иштей алуу, жоопкерчилик;

Иштиктүү кат алышууну ишке ашыра билүү.

Борбордук аппарат

Борбордук аппарат

 

Маалыматтык технологиялар жана модернизация бөлүмү

  • Башкы адис - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билим (техникалык, математикалык, маалыматтык технологиялар, автоматташтырылган башкаруу тутумдары, телекоммуникациялар же байланыш жатындагы жогорку билимге артыкчылык берилет);

- мамлекеттик кызматтын кенже кызматтарындагы бир жылдан кем эмес стажы жана адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы.

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, 2008-жылдын 14-апрелиндеги  № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, 2004-жылдын 17-июлундагы  № 92 “Электрондук документ жана электрондук сан арип кол тамга жөнүндө”, 1999-жылдын 8-октябрындагы  № 107 “Маалыматташтыруу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы  № 128 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө Жобону билүү;

- программалоонун тилин билүү;

- web-сайттарды жана web-тиркемелерди иштеп чыгуу технологияларын билүү;

- заманбап маалыматтарды коргоо каражаттарын билүү;

  - мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүү.

 

Кызматтык милдеттери:

Башкы адистин кызматтык милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын жана коргоону камсыздоо;
  • кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
  • мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык ресурстарын эсепке алуу жана каттоо маселелери боюнча, Кыргыз Республикасынын бириктирилген мамлекеттик маалыматтык ресурстарын калыптандыруу жана  пайдалануу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

- Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык тутумдарды түзүү, киргизүү жана пайдалануу боюнча ишин координациялоо жана контролдоо;

- Кызматтын маалыматтык тутумдарын модернизациялоо, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча иштерди уюштуруу;

- Кызматтын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча долбоорлоруна, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлорду кабыл алууга катышуу;

- Кызматта иштелип чыгып жаткан документтерди макулдашууга жана маалыматтык коопсуздуктун талаптары боюнча долбоорлорго катышуу; 

- Кызматтын бөлүмдөрү тарабынан маалыматтык коопсуздук боюнча талаптардын аткарылышына контроль жүргүзүү;

-маалыматташтыруу обьекттерин, бөлүнгөн предметтердин жана техникалык каражаттардын маалыматты коргоонун талаптарына ылайык келүү предметине мониторинг жүргүзүүгө катышуу.

Уюштуруучулук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү 

  • Жетектөөчү адис - (1 бирдик)

Квалификациялык талаптар:

-  экономика же юриспруденция жаатында жогорку кесиптик билим;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун “Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну башкаруу” темасына курстан өтүү тууралуу сертификаттын болушу артыкчылыкка ээ;

- мамлекеттик сатып алууларда иштеген стажы артыкчылык болуп эсептелет;

- 2004-жылдын 24-майындагы  № 69 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы “Чектелбеген, чектелген тоорук жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди жана Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга сатып алуулар жол-жобосунун протоколунун формасын бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 20-июнундагы  № 330 “Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомдорун билүү;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди оозеки жана жазуу түрүндө билүү;

 

Кызматтык милдеттери:

          -Жетектөөчү адистин кызматтык милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

          -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

          - тендердик тооруктун катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыздоо;

          - кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

  •                 мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

          - ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

          - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларды кароо жана кеңеш берүү;

- отчётторду түзүү;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

-тендердик документтерди иштеп чыгууга катышуу, келишим боюнча жеткирип берүүлөрдүн мөөнөттөрүн контролдоо, техникалык тапшырмага талдоо жүргүзүү, мамлекеттик сатып алуулардын планы боюнча мониторинг жүргүзүү.

 

Ведомстволук бөлүмдөр

 

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти

Чүй-Кемин райондук автомототранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмү

Начальник (1 бирдик)

 

Квалификациялык талаптар:

-         жерде жүрүүчү транспорт каражаттары, технологиялык машиналар жана жабдуулар жаатындагы жогорку техникалык билим же жогорку юридикалык билим;

-  окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы (колдоого алынат);

- мамлекеттик кызматтын улук кызматтарындагы үч жылдан кем эмес иш стажы же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;

- үч жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы колдоого алынат;

  - Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомду, 2006-жылдын 23-августундагы № 603 “Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (автомототранспорт каражаттарынан тышкары), алардын чиркегичтерин, ошондой эле технологиялык орнотмолорду мамлекеттик каттоонун кайра каттоонун жана эсепке алуунун, квалификациялык экзамендерди кабыл алуунун жана тракторчу-машинисттин күбөлүктөрүн берүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомду, 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобону, Жол кыймылынын эрежелерин билүү.

 

Кызматтык милдеттери

Начальниктин кызматтык милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын жана коргоону камсыздоо;
  • кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
  • мамлекеттик органда белгиленген ички тартиптин, кызматтык нускамалардын тартибин, кызматтык маалымат менен иштөөнүн жана кызматтык өз ара аракеттенишүүнүн  тартибин билүү;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;

- бөлүмдүн ишин башкарууну жана уюштурууну ишке ашыруу;

- бөлүмдүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бөлүштүрүү;

-ишти жакшыртуу боюнча сунуштамаларды берүү менен бөлүмдүн кызматкерлеринин ишине кварталдык баа берүү;

-өзүнүн компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн, анын ичинен заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүнүн шарттарын камсыздоо;

-жарандарга АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоо, кайра каттоо, айдоочунун күбөлүгүн берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жөнүндө маалымат берүү;

-мамлекеттик маалыматтык ресурстарды калыптандырууга, сактоого, пайдаланууга жана коопсуздугун камсыздоого катышуу;

- АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоодо, кайра каттоодо, айдоочулук курамдан сынак алууда жана айдоочунун күбөлүгүн берүүдө, документтештирүүдө жана эсепке алууда бөлүмдүн кызматкерлеринин ишин контролдоону ишке ашыруу; 

- АМТК жана алардын чиркегичетерин каттоо, кайра каттоо, АМТК каттоо, кайра каттоо үчүн суммаларды эсептөө;

- ыкчам коргонуу үчүн мамлекеттик номер белгилерин берүүнү ишке ашыруу;

-катталган АМТК жана алардын чиркегичтерине мамлекеттик каттоо номер белгилерин ыйгарууга, ошондой эле аларды алмаштырууга уруксат берүү;

-эсептен чыгарылган, жараксыз абалга келген, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылган транспорт каражаттарын эсептен чыгарууга уруксат берүү;

-АМТК жана алардын чиркегичтерине чектөөлөрдү коюуга жана алууга мыйзамдарда белгиленген тартипте уруксат берүү;

-мыйзамда белгиленген тартипте АМТК жана алардын чиркегичтери менен операцияларды жүргүзүүгө камак режимин ишке ашыруу;

-айдоочуларды даярдоону жана кайра даярдоону ишке ашырган окуу жайларынын ишин контролдоону ишке ашыруу;

-адамдарды сынакка киргизүүгө уруксат берүүнү, айдоочунун күбөлүктөрүн алууга сынактарды алууну (комиссиянын курамында) ишке ашыруу;

-сынак комиссиясынын ишин контролдоону ишке ашыруу;

-мыйзамдарга ылайык, жарандарга, кызмат адамдарына аткарууга милдеттүү айдоочулук курамды даярдоодо ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды жоюу жөнүндө эскертүүлөрдү болгон берүү;

-административдик укук бузуу жасаган кызмат адамдарына жана жарандарга административдик айып салуу. Кызмат адамдарына жана жарандарга административдик айып салуунун тартиби мыйзамдарга ылайык аныкталат;

-бөлүмдөгү аткаруу жана эмгек тартибинин абалын контролдоону ишке ашыруу;

-АМТК жана алардын чиркегичтерин, айдоочулук курамды каттоодо, кайра каттоодо тиешелүү жыйымдардын, төлөмдөрдүн, салыктардын жана айып пулдардын өз убагында жана туура төлөнүшүн контролдоону ишке ашыруу;

-атайын продукциянын бланктарынын туура сарпталуусун жана төлөмдөрдү контролдоону ишке ашыруу;

-кол алдындагылардын жеке кызыкчылыктарынын пайда болуусун алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу;

-жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын белгиленген тартипте кароо;

- жетекчилердин баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген тескемелери менен көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баян, 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү  – 2 даана фото сүрөт (кызыл фондо);
  • паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
  • зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариуста же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасын же окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө жөнүндө документтеринин көчүрмөсү);
  • КР ИИМдин Маалымат борборунан соттуулугунун жок (бар) экендиги жөнүндө маалымкат (248-форма);
  • Иштеген жеринен сунуштамалар  (бар болсо).

 

 

Делого көктөлгөн документтерди жеке өзү же алып келүүсү же почта аркылуу “Конкурска” белгиси коюлган конверт менен   2015-жылдын 13-февралы, саат 18:00гө  чейинки мөөнөттө, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44, № 208 кеңсе дарегине жөнөтүү керек. Телефону: 30-10-98.

 

Эскертүү: квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер тестирлөөдөн өтүү үчүн чакырылат.

Конкурс өткөрүлө турган күн жана орун жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Арызда байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл.

 

Кененирээк маалымат төмөнкү сайттарда жайгаштырылган:

www.grs.gov.kg,

www.mkk.gov.kg.

 

Партнеры